Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

УКМК: Мурдагы министрдин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектелип кармалды


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Мурдагы саламаттык сактоо министринин тууганы дары-дармек соодасындагы коррупцияга шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 15-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз борборунун кызматкери Күмүшбек Шабданов билдирди:

“Сотко чейинки териштирүү алкагында мурунку саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин туугандарынын бири С.Ж.К. дары-дармек менен камсыздоо департаментинде каттоону жана кайра каттоону мыйзамсыз тездетүү максатында министрликтин кызмат адамдарына пара берүү жолу менен фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын колдогону жөнүндө далилдер алынды”.

Кылмышка шектүү адамдын бөгөт чарасы аныкталганы, ал тергөө аяктаганча УКМКнын тергөө абагында камакта болору айтылды.

Кармалганы бүгүн маалымдалган адам кайсы министрге кандайча тууган экени ачык айтылган жок.

Дары-дармек базарындагы абал боюнча маселе 13-октябрда парламентте да көтөрүлүп, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын фармацевтикадагы мафия тууралуу суроосуна жооп берип жатып бул уюшмага мамлекеттик кызматта иштегендер да аралашып кеткенин белгилеген жана “мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин бир тууган карындашы мафияны министрликтин деңгээлине чыгарып алган” деп айткан.

Чолпонбаев министр болуп 2018-2020-жылдары иштеген. Кызматтан түшкөндөн кийин ага карата “шалаакылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” айыбы тагылган, өзү үй камагына алынган.

Чолпонбаевдин жакындары бул иш боюнча «эл аралык эксперттердин иликтөөсү зарыл» экенин айтышкан. Өзү жана жакындары айыптоолор боюнча мындан башка комментарий берген эмес.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Ал эми дарыканалардын саны 3200дөн ашуун. Алардын көпчүлүгү Бишкек шаарында жайгашкан.

Дары-дармек көйгөйүнө байланыштуу “Азаттык” “Көмүскөдөгү дары бизнеси” аттуу иликтөө жүргүзгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG