2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашып, өлкөнүн Баш мыйзамы өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга кайтты. Ошол учурдагы Оштогу окуялардын хронологиясы.
Октябрь окуясы: Оштогу саясий абал
Ош шаарында 2020-жылдын 6-октябрында эрте менен башталган митинг түнкү саат экиге чейин уланган. 8-9-октябрь күндөрү ошол учурда мэрликтен шаардык кеңештин чечими менен алынган Таалайбек Сарыбашовдун, мурунку президент Сооронбай Жээнбековдун тарапташтарынын митинги болуп турган.

21
Таалайбек Сарыбашов 6-октябрь күнү шаардык кеңеш чыгарган токтом мыйзамсыз экенин айткан. Ал ошол эле күнү кызмат ордун таштап чыгып кетти. 00:09, 7-октябрь, 2020-жыл.

22
Мырзакматов 7-октябрга караган түнү Ош шаарынын аэропортуна конуп, башкы аянтта аны тосуп алган миңдеген тарапкерине кайрылды. 00:48, 7-октябрь, 2020-жыл.

23
Ал "Кыргызстан азыр өтө опурталдуу кырдаалда турат, өлкөнү бөлүп-жарып, жарандык урушту баштоого кызыккан күчтөргө каршы туруп, улуттук биримдикти сактап калышыбыз керек" деди. 00:48

24
Ошентип таң эрте башталган митинг 7-октябрга караган түнү саат бирден өтүп аяктады. Чогулгандар Мырзакматов сүйлөгөндөн кийин тарап кетти. 01:03, 7-октябрь, 2020-жыл.

25
7-октябрда мэр Таалайбек Сарыбашовдун тарапташтары чогулуп, аны ордуна коюу аракетин башташты. 13:52, 7-октябрь, 2020-жыл.

26
"Мен шайланган, мыйзамдуу мэрмин. Жаңы шаардык кеңештин депутаттары келип, жаңы мэр шайланганга чейин укуктуу мэр болуп турам", — деди Сарыбашов. 14:27, 7-октябрь, 2020-жыл.

27
6-октябрь күнү спорт чөйрөсүндө "Душка" каймана аты менен таанымал Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган. Эртеси күнү уюштурулган митингге Төрөкулов да катышты. 15:10, 7-октябрь, 2020-жыл.

28
Сарыбашовдун тарапташтары аны мэрдин бөлмөсүнө чейин алып кирип, "мэрди ордуна койдук" деп жар салышты. 15:50, 7-октябрь, 2020-жыл.

29
Көп өтпөй Дүйшөн Төрөкуловдун тарапташтары аны "губернатор кылабыз" деп мэрия тарапка сүрөп жөнөштү. Бирок андан майнап чыккан жок. 16:16, 7-октябрь, 2020-жыл.

30
Бул окуялардан соң аянтка топтолгондор бир топ суюлду. Шаардык милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын, абал туруктуу экенин билдирди. 16:27, 7-октябрь, 2020-жыл.

31
8-9-октябрь күндөрү Ош шаарынынын борбордук аянтында жүздөгөн кишинин катышуусунда президент Сооронбай Жээнбековду колдогон митинг өттү. 11:31, 9-октябрь, 2020-жыл.

32
Бир нече боз үй тигилип турду. 11:33, 9-октябрь, 2020-жыл.