"Пандора кагаздары" коррупцияны ашкереледи
Борбордук шайлоо комиссиясына бир мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеӊешке шайлоого катышуу ниетин 80 адам билдирип, арыз берди. Алардын ичинен үчөө гана аял. "Пандора кагаздары" дүйнө жүзүндөгү ондогон лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкереледи. Документтер Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин үй-бүлөсү офшордук компания аркылуу Лондондо жалпы баасы 700 миллион долларлык кыймылсыз мүлк сатып алганын көрсөттү. Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жарым финалдык айлампага чыкты.
Чыгарылыштар
-
Март 19, 2026Камчыбек Ташиев милицияда сурак берди
-
Март 17, 2026Салык кызматы Ташиевдерди коррупцияга айыптады
-
Март 13, 2026Зулушев мандатын тапшырды, Ташиев сурак берди
-
Март 12, 2026"Крокус" иши боюнча 15 киши өмүр бою кесилди