Качкындар Өзбекстанга Амударыя аркылуу өтө баштады
Бишкектин Биринчи май райондук соту адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмүнө күнөөлүүлөрдү соттоду. Судья ишке катышы бар беш кишинин үчөөнү жети жылдан, эки адамды алты жарым жылдан абакка кести. Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Долбоор кабыл алынса 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Ооганстандык качкындар Амударыяны кечип, Өзбекстандын аймагына кирүүгө аракет кылууда. Сурхандарыя облусунун тургундары качкындар колго жасалган кайык, салдар менен, айрымдары дарыядан сүзүп өтүп, коңшу өлкөнүн аймагына киришкенин айтып беришкен.
Чыгарылыштар
-
Январь 03, 2025
Газа: Израил армиясынын соккусунан 67 кишинин өмүрү кыйылды
-
Январь 02, 2025
Оренбург: Төрт кыргызстандык жол кырсыгында каза тапты
-
Декабрь 30, 2024
Алиев кыйраган учак үчүн Орусиядан кенемте сурады
-
Декабрь 27, 2024
Киев: Түндүк Корея Украинада 3 миңден ашуун аскерин жоготту
-
Декабрь 26, 2024
Блогердин талкууга түшкөн билдирүүсү, ИИМдин жообу
-
Декабрь 25, 2024
Алып баруучуларды урган Исраилов беш суткага камалды