Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

ДССУ бай өлкөлөрдү өзүмчүл болбоого үндөдү


Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму экономикасы өнүккөн өлкөлөрдү өз жарандарын коронавируска каршы үчүнчү жолу эмдөөнү убактылуу токтотуп, жарды өлкөлөргө вакцинадан көмөктөшүүгө чакырды.

Мындай чакырыкты Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус 8-сентябрдагы маалымат жыйында айтты.

Ал вакцина өндүрүү жана жеткирүүнү көзөмөлдөгөн мамлекеттер менен компаниялар жарды өлкөлөргө көмөк көрсөтүшү керек деп эсептейт:

Тедрос Аданом Гебреисус
Тедрос Аданом Гебреисус

"Ашып калган вакциналарга ыраазы болсун дегенине мен унчукпай коё албайм. Биз толугу менен эмдөөдөн өткөн, дени сак адамдарга үчүнчү жолу вакцина сайдыруу кеңири масштабда болушун каалабайбыз”,- деди Гебреисус.

Өткөн айда Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы үчүнчү жолку эмдөө же бустердик вакциналарга сентябрдын аягына чейин мораторий киргизүүгө чакырган.

Бирок бул чакырыкка көп деле көңүл бурулган жок. Экономикасы өнүккөн бир катар өлкөлөр калктын калың катмарын үчүнчү жолу эмдөө планын жарыялашкан. Атүгүл айрым өлкөлөр ал жараянды баштап да жиберди.

Тедрос Аданом Гебреисус үчүнчү эмдөөгө тыюу салуу боюнча чакырыгын кайрадан кайталады:

"Мен мораторийди жок дегенде жылдын аягына чейин узартууга чакырам. Бул убакыт ичинде ар бир өлкө жок дегенде калкынын 40% эмдеп алгандай болсун".

Бустердик эмдөө деген эмне?

Бустердик эмдөө муктаждыгы убакыттын өтүшү менен вакцинанын эффективдүүлүгү төмөндөйт деген чочулоодон жана коронавирустун “дельта” вариантынын жайылышынан улам жаралган.

Вакцинанын натыйжалуулугун арттырган бустерди адатта он жылда бир сайып туруу сунушталып келген.

Окумуштуулар COVID-19га каршы вакцинанын эффективдүүлүгү боюнча изилдөөлөрдү улантып жатат. Буга чейин АКШда колдонууга уруксат берилген вакциналар адамзатты вирустун оор формасы жана өлүмдөн коргой турганы аныкталган.

Бирок кандын лабораториялык анализдери вакцина жараткан антиденече убакыттын өтүшү менен начарлашы мүмкүн деген жыйынтык көрсөткөн.

Буга кошумча дүйнөдө тарап жаткан коронавирустун жугуштуу делген “дельта” варианты кошумча эмдөө боюнча талкууларды кызытты.

Буга чейин Израил жашы 50дөн өткөндөргө, Франция жана Германия күздөн тарта ден соолугу начар, өнөкөт ооруулууларга бустердик эмдөөнү сунуштаган эле.

Бирок Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү саламаттыгы начар адамдарды үчүнчү жолу эмдесе болорун, бирок массалык түрдө эмдөө ашыкча экенин кошумчалады. Уюмдун иммунизациялоо жана вакцина боюнча департаментинин башчысы Кейт О’Брайен:

"Бустердик дозалар боюнча жалпы сунуш берчүдөй эч кандай ишенимдүү негиз жок", - деп билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун акыркы чакырыгына өнүккөн өлкөлөрдүн реакциясы ар түрдүү. АКШнын Ак үйүнүн маалымат катчысы Жен Псаки расмий Вашингтон бустердик эмдөөгө мораторий киргизүү сунушуна макул эмес экенин билдирди. Ал өлкө президенти Жо Байден адамдарды вирустан коргоо үчүн колдон келген бардык аракетти көрүп жатканын айтты.

Кошмо Штаттардан ушул айдын аягына чейин бустердик эмдөөгө уруксат берүүнү көздөөдө.

Псаки АКШ буга чейин дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнө 140 миллион дозадан ашык вакцинаны акысыз бергенин белгилеп, “бул калган өлкөлөрдүкүн кошкондон да көп экенин” билдирди.

Тедрос Аданом Гебреисус өнүккөн өлкөлөр жакыр мамлекеттерге коронавируска каршы вакцинанын кеминде 1 миллиард дозасын берүүнү убада кылганын, анын 15 пайызы гана аткарылганын айтты.

БУУнун COVAX программасынын алкагында жылдын аягына чейин дүйнөдөгү жакыр өлкөлөргө 1,4 миллиард доза дары жеткирилери пландалууда. Жыл башында бул сан 2 миллиард доза деп мерчемделген эле. Бирок эң көп вакцина өндүргөн Индиядагы көйгөйлөр жана башка маселелерден улам анын санын азайтууга туура келди.

Эл аралык Фармацевтика федерациясынын маалыматы боюнча учурда коронавируска каршы ай сайын 1,5 миллиард доза вакцина өндүрүлүүдө. Мындай жол менен жыл аягына чейин 12 миллиард вакцина чыгарылышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG