Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Прокуратура: саясатчыларды тыңшоо мыйзамдуу болгон


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурордун орун басары Турусбек Ишеналиев Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин депутаттарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоосу мыйзамдуу болгонун айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 8-сентябрдагы жыйынында билдирди.

“Иштеп жаткан мыйзамдар боюнча Жогорку Кеңештин депутатын тинтүүгө гана болбойт. Андан тышкары башкы прокурор өтүнүч келтирип Жогорку Кеңеш уруксат бергенде гана жоопкерчиликке тартылат. Ал эми телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо үчүн уруксат алуу жалпы негиздер менен эле ишке ашат”, - деди Турусбек Ишеналиев.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев ИИМдин Тергөө кызматы Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын телефон сүйлөшүүлөрүн тыңшоо тууралуу Биринчи Май райондук сотуна өтүнүч келтирип судья аны канаттандырганын айтты. Анын сөзүнө караганда, тыңшоолор ушул жылдын 6-январынан 13-февралына чейин болгон.

Былтыркы октябрь окуяларын тергөөнүн алкагында милиция кызматкерлери ондогон адамдын телефонун бир ай бою тыңшаганы сентябрда ачыкка чыккан. Телефон сүйлөшүүлөрү тыңшалгандардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев да бар.

Бир катар депутаттар тыңшоо мыйзамсыз болгонун, бул Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга каршы келерин айтышты.

Телефону тыңшалгандардын катарында саясатчылар, жарандык активисттер, укук коргоочулар жана быйыл 10-январда өткөн президенттик шайлоодо ат салышкан Абдил Сегизбаев, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Курсан Асанов бар. Алардын телефонун тыңшоого Биринчи Май райондук сотунун судьясы Чыңгызбек Бердимуратов уруксат берген. (BTo)

XS
SM
MD
LG