Иш-чарадан бир күн мурун, 30-августта президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөшкөн. Анда Жапаров Эрдоганга 31-августта Анкарада ачыла турган Манастын эстелиги жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирген.
Бийиктиги 10 метрлик айкелде атчан Манас колуна кылыч кармап турат. Ал эми эстеликти тургузууга кеткен каражат жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан каржыланганы кабарланды.
2017-жылы Стамбул шаарынын Сүтлүже аймагындагы сейил бакта атайын бөлүнгөн жерге Манастын айкели орнотулган. Айкел ишкер Темирлан Сарлыкбек уулунун каржылоосу менен тургузулган. Ага жалпысынан 4 миллион сом сарпталган.
Анкарада Манастын айкели орнотулду

1
Бийиктиги 10 метрлик айкелде атчан Манас колуна кылыч кармап турат.

2
31-августта Анкаранын Кечиөрен аймагына коюлган Манастын айкели ачылды.

3
Ачылышка Кечиөрендин мэри Тургут Алтынок, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кыргызстандыктар катышты.

4
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев айкелдин ачылыш аземинде.

5
Эстеликтин ачылыш аземине келгендер

6

7
Эстеликти тургузууга кеткен каражат жеке демөөрчүлөр жана Кечиөрен мэриясы тарабынан каржыланганы кабарланды.

8