Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

COVID-19: Кытайда жыл башынан берки жогорку көрсөткүч аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кытайда бир суткада COVID-19 илдетинин жаңы 76 учуру аныкталганын AFP агенттиги жазды.

"Өлкө ичинде оору жугузган 40 учур катталды. Анын 39 учуру Цзянсу провинциясына, бирөө Ляонин провинциясына туура келет", — деп Кытайдын Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн. Ал эми калган отуз алты учуру өлкөнүн ар кайсы аймактарында аныкталган.

Бул 2021-жылдын январ айынан берки Кытайдагы эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

Кытайда пандемия башталгандан бери COVID-19 илдетин жугузгандардын жалпы саны 92,6 миң кишиге жеткен. 4,6 миң киши каза болгону расмий жарыяланган.

Коронавирус илдети биринчи жолу Кытайдын Ухань шаарында аныкталганы белгилүү.

Бирок Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун вирустун очогун биргеликте иликтөө боюнча кызматташуу сунушунан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG