Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Инандынын Түркиядан табылышы талкуу жаратты


Инандынын Түркиядан табылышы талкуу жаратты
please wait

No media source currently available

0:00 0:43:25 0:00
Түз линк

5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Кыргызстанда бир айдан ашык убакыттан бери дайыны чыкпай жаткан "Сапат" билим берүү мекемелеринин башчысы Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялады. Бир айдан ашуун жоголгон Орхан Инандынын Түркиядан табылышы кыргызстандык бир катар саясатчы, жарандык активисттердин сынына кабылып, анын уурдалышы мамлекеттин көз карандысыздыгына кол салууга барабар деген пикирлер айтылууда. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркияда камакта жатканы белгилүү болгон Орхан Инандыга байланыштуу түрк элчиси Ахмет Садык Доганды чакырып, нота тапшырды.

XS
SM
MD
LG