Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:24
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.
Кыргызстан - Монголия футбол командаларынын беттеши. 7-июнь, 2021-жыл. Осака, Жапония.

Крестинин: футболчулар түшүнүксүз жагдайда четтетилди

Бүгүн, 7-июнда Жапониянын Осака шаарында Кыргызстан менен Монголиянын футбол боюнча улуттук курама командалары футбол боюнча Дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна тандоо оюндарында беттешти. Оюн 0:1 эсебинде монгол футболчуларынын пайдасына аяктады.

Беттештин 1-таймы аяктады.

Беттеш Кыргызстандын аймагында КТРК Спорт, Кыргыз Спорт ТВ телеканалдарында жана Sportrecs интернет платформасында түз эфирде көрсөтүлүп жатат. Күйөрмандар үчүн Бишкектеги «VEFA» жана «ASIA MALL» соода борборлорунда фан-зоналар уюштурулган.

Бир күн мурда Кыргызстандын футбол командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Жапонияда пандемиядан улам машыгууга мүмкүн болбой жатканын билдирип чыккан.

Футбол федерациясынын сайтындагы маалыматка караганда, кыргызстандык футболчулар Бишкектен тест тапшырганда баары таза чыккан. Жапонияда спортчулардын биринен "вирус аныкталды" деген негиз менен жалпы командага машыгууга уруксат берилген эмес:

"Биз болгону бир эле жолу машыктык. Ага да баарынын тест жыйынтыгы жакшы чыкса да, команда толук курамда катыша алган жок. Бир адамдан вирус аныкталды деп бүтүндөй команданы машыгуудан четтетип коюп атышат", - деди Крестинин.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы боло турган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарына катышуу үчүн 2-июнда Жапониянын Осака шаарына жөнөп кеткен.

Бүгүнкү Монголия курама командасы менен болгон беттештен сырткары кыргыз футболчулары 11-июнда Мьянма жана 15-июнда Жапония оюнчулары менен ойнойт.

Беттеш аяктады. Кыргызстан - Монголия 0:1. Оюндагы голдун автору Оюунбаатар Мижидорж (34-мүнөт). Алдыда кыргыз футболчулары 11-июнда Мьянма, 15-июнда Жапония оюнчулары менен беттешет.

Учурда F тайпасында 2-раунддагы турнирдик таблицада алты оюндан кийин 18 упай топтогон Жапония көч башында. Алты оюнда 10 упай топтогон Тажикстан 2-катарда, алты оюндан кийин жети упай эсебинде бар Кыргызстан 3-орунда бара жатат. Алты оюндан кийин Мьянма алты упайга ээ болгон. Сегиз оюнда эки жолу жеңишке жеткен Монголияда алты упай бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG