Атасын издеген Зинат апа
82 жаштагы Зинат Базарбаева 1941-жылдагы согушка кеткен атасын издеп келет. Ал Орусиянын борбордук архивине чейин кат жазып, атасынын дайын-дарегин сураштырган. Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жашаган Зинат апа атасы менен катар эле Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган айылдаштарын да сураштырып келет.