Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

Өзбекстанда шайлоого жакын басым көбөйдү


Шавкат Мирзиёев
Шавкат Мирзиёев

Өзбекстандын Юстиция министрлиги "Акыйкат жана өнүгүү"  (​​​​​​​"Хакикат ва Тараккиёт")  оппозициялык партиясын расмий каттоодон баш тартты.

Жаңы түптөлгөн партиянын лидери, профессор Хидирназар Аллакулов алгач министрликтин катында кол тамгалардын бир бөлүгү кабыл алынбаганын, калгандары текшерилип жатканы айтылганын маалымдаган.

Бирок, аталган министрлик "Азаттыктын" өзбек кызматына партиянын расмий каттоодон өткөрүү өтүнүчү "толук канааттандырылбаганын" билдирди. Мекеме муну жаңы партия үчүн топтолгон кол тамгалар "мыйзамда каралган талаптарга жооп бербейт" деп түшүндүрдү.

7-апрелде "Акыйкат жана өнүгүү" партиясынын активисттери расмий каттоодон өтүү үчүн министрликке керектүү документтерди тапшырган. Мындан көп өтпөй эле өлкөнүн аймактарында бул партияны колдоп, кол коюп берген адамдар күч кызматтарынын кысымы алдында кол тамгаларынан баш тарта баштаган. Кээ бир жактоочуларын тартип коргоочулар суракка чакырганы белгилүү болгон.

Партиянын лидери Хидирназар Аллакулов Юстиция министрлигине эки жолу, 7-апрелде жана 27-апрелде документ тапшырып, 7-майда биринчи жолу жооп берилгенин айтат.

"Министрликтин катында партия үчүн кол коюп берген 27 киши каза болуп калганы айтылат. Ошондой эле министрликке адамдардан 2044 кайрылуу түшүп, алар партиянын түптөлүшү үчүн кол коюп беришпегенин айтып, алардын кол тамгаларын жокко чыгарууну суранышканы жазылган. Биз 27-апрелде кайрадан керектүү кол топтоп, кайрадан документ тапшырдык. Министрлик аларды текшерип жатканын билдирген. Мекеменин каты "карама-каршылыктуу" жазылган. Биринде алар партияны каттоодон өткөрүүдөн баш тартышканын айтышса, экинчи жактан "кол тамгаларды дале текшерип жатабыз" деп жатышат",-деди Аллакулов.

Былтыр жаңы партия түзүп, президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Аллакулов Юстиция министрлиги "колдорду жокко чыгарып жатканын мыйзамсыз" деп эсептейт.

"Мен аларга суроону кабыргасынан эле койдум. "Кандай себептен партия үчүн кол коюп бергендердин тизмесин ИИМ менен Улуттук гвардиянын кызматкерлерине бердиңер?" деп эле сурадым. Алар муну "колдордун аныктыгын текшерүү үчүн" деп түшүндүрүшөт. Бирок, мындай текшерүүлөрдү күч кызматтары кайсы мыйзамдын же документтин негизинде жүргүзүп жатканын айта алышкан жок".

Хидирназар Аллакулов тарапташтары менен
Хидирназар Аллакулов тарапташтары менен

Юстиция министрлиги оппозициялык маанайдагы жаңы түптөлүп жаткан партиянын расмий каттоодон өткөрүү өтүнүчү "толук канааттандырылбаганын" Өзбекстандын "Саясий партиялар тууралуу" мыйзамдагы талаптарга жооп бербей турганы менен түшүндүрдү.

1996-жылы кабыл алынган бул мыйзамдын 9-беренесине ылайык, "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы Юстиция министрлигине 7-июнга чейин экинчи жолу кайрылып, каттоодон өткөрүүнү талап кылууга укугу бар.

Аллакулов активисттер жаңы кол топтоого киришкенин билдирди. Ал Өзбекстандагы партиянын жактоочулары бийликтин кысымына кабылып жаткандыктан, чет өлкөлөрдөгү өзбекстандыктарга кайрылып, алардан колдоо күтүп жатканын баса белгилейт.

Өзбекстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 24-октябрында өтөт. Аллакулов жаңы партия түптөп, президенттикке аттанарын былтыр июнда жарыялаган болчу.

Быйыл 4-майда Ташкенттин Жунусабад районунун Административдик соту Аллакуловду "жалган жалаа жабуу" беренесине ылайык айыптуу деп таап, 470 доллардай айып пул салган.

Профессор Аллакуловду 31-мартта Ташкенттеги үйүнүн алдынан жыйырма чакты белгисиз киши тосуп алып, ага ыдык көрсөтүп, акарат келтирип, саясий ишмердүүлүгүн токтотууну жана шаардагы партиянын кеңсесин бошотууну талап кылышкан. Кийинки күнү Аллакулов укук коргоо органдарына кайрылганда, анын жолун тороп, ыдык көрсөткөн белгисиз адамдар тескерисинче ага каршы арыз жазгапны белгилүү болгон.

Укук коргоо органдары өз кезегинде Аллакуловдун арызын кабыл албай, административдик кылмыш иши ага каршы козголгон.

Шавкат Мирзиёев ал кезде аймактарды жигердүү кыдырып, эл менен жолугушуп жүрөт. 18-февраль, 2021
Шавкат Мирзиёев ал кезде аймактарды жигердүү кыдырып, эл менен жолугушуп жүрөт. 18-февраль, 2021

Өзбекстандагы президенттик шайлоого беш ай убакыт калганы менен, расмий талапкерлер дагы деле белгисиз. Өзбек парламентиндеги беш партия талапкер сунуштай элек. Президент Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө ат салышаары айтылган, бирок расмий жарыялана элек.

Мирзиёев өзүн реформачыл жетекчи катары көрсөтүп, айрым саясий туткундарды бошотуп, оппозициячыл партиялардын болушуна каршы эместигин айтканы менен чыныгы оппозициялык күч каттала албай келет.

Эл аралык "Журналисттерди коргоо комитетинин" Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гулноза Саид апрелде "Өзбекстанда президенттик шайлоо жакындаган сайын бийлик мыйзамдарга киргизилген бир катар жаңы өзгөртүүлөр аркылуу эркин ой билдирүүнү көзөмөлдөгүсү келет", деп билдирген.

Ал эми "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун билдирүүсүндө Өзбекстанда "жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлерди сындоо дагы деле мүмкүн эмес" экени айтылат. Ошондой эле бул уюмдун "Дүйнөдөгү медиа эркиндиги" көрсөткүчүндө Өзбекстан 180 өлкөнүн ичинен 156-орунда турат.

Өзбекстанда "Маалымат жөнүндө" мыйзамга, Кылмыш жана Административдик кодекстерге киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык, президентти каралаган, ушактаган маалыматтар үчүн жана "массалык башаламандыктарга" онлайн чакыргандарга абак жазасы каралган. Мындайга баргандар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG