Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Дарыгерлерди убайымга салган маяна


Медкызматкер иш учурунда.
Медкызматкер иш учурунда.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда кошумча эмгек акы жоюлуп, маяна эки эсе көбөйтүлгөнүнө карабай, айрым кызматкерлердин айлыгы азайып кетти.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду медиктер мындан ары мурдагыдай отчет тапшырып убара болбой, тескерисинче, апрелден тартып туруктуу эмгек акы менен камсыздалганына ишендирүүдө.

Кыргызстанда Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштегендердин айлыгы 100% көтөрүлгөнүн президент Садыр Жапаров 9-апрелде жарыя кылган.

Бишкектеги поликлиникалардын биринде иштеген Гүлмиранын штаттык бирдиктеги мурдагы айлыгы 8 миң сомго жакын эле. Милдетүү жумуштарга төлөнгөн кошумча эмгек акы менен 20 миң сомдон көбүрөөк айлык алып жүргөн. Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы кошумча эмгек акы - индикатор деп аталып келген.

Гүлмира апрелдеги айлыгы аз чыкканын "Азаттыкка" айтып берди. Ал кайсыл эмканада иштей турганын жана фамилиясын ачыкка чыгарууну каалабады:

“Айлык көбөйгөн жок, тескерисинче, азайды. Жогору жакта отургандарды түшүнбөйм, айлык маселесине келгенде бизди маскара кылгандай боло берет. Мурда базалык маянама индикатор кошулуп, 21-22 миң сом алат элем. Эми индикатор жок. Штаттык айлыгым эки эсе жогорулап, мындан ары туруктуу 17-18 миң сом алат экенмин. Өкмөт базалык маянаны эле жогорулатты".

Индикатор дегенге түшүндүрмө

2018-жылдан тартып, Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштегендерге штаттык бирдиктеги айлыгына кошумча эмгек акы берүү үчүн 12 индикатор киргизилген. Мисалы, жаңы төрөлгөн ымыркай жана энеси төрөтканадан чыкканда алгачкы үч күндүн ичинде дарыгер анын үйүнө барып кабар алышы керек эле. Кош бойлуу аялдарды убагында каттоого алып, алардын анализин текшерип, витаминдерди жазып берүүгө тийиш болчу. Андан тышкары, кант диабети менен ооругандарды көзөмөлдөө, балдарга вакциналарды убагында берүү сыяктуу иштерге кошумча акча берилчү.

Жасаган жумушуна жараша иш акы кошулганда, медиктердин айлыгы 20 миң сомдон ашып саналган. Эми ошол индикаторлор эсепке алынбай, тек гана штаттык бирдиктеги айлык эки эсе көбөйтүлгөн.

Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин орточо айлыгы бир штаттык бирдикте 8598 сомду түзөт. Расмий эсепке ылайык, жогорулагандан кийин ал 17 198 сом болот.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орунбасары Клара Өскөмбаева мурда индикатордун эсебинен көбүрөөк акча алгандарда айырма болуп калышы мүмкүндүгүн четке каккан жок. Негизинен алганда жалпы үй-бүлөлүк дарыгерлердин базалык айлыгына сезилерлик сумма кошулганын айтты:

"Индикатор менен алганда, аябай жакшы иштегендердин айлыктары 22 миң сомго чейин чыкчу. Бардык нерсенин эки тарабы болот. Эки жыл бою анализ жасадык. Индикаторлордун аткарылышы 2020-жылы ар айдагы 63% эле болду. Быйыл 58% эле болуп жатат. Индикатордун жыйынтыгын ай сайын Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна барып текшергенге да туура келет. Аткардыбы же жокпу деп анализ жасалат. Берген отчету жасаган ишине салыштырылат. Текшергени барсаң, кайра эле дарыгерлер нааразы болушат. “Текшере бербей, айлыкты эле көтөрүп койгула. Биз деле кошумча отчеттордон кутулалы”- дешкен".

Клара Өскөмбаева менен маекти толук бул жерден окуңуз

Индикатордун көрсөткүчү менен акы алуу медиктер үчүн кошумча түйшүк экенин дарыгерлер да четке какпайт. Биз сүйлөшкөн онго жакын адистин дээрлик баары аны алып салууну туура көрүшөт. “Бирок айлыкты көбөйткөндө мурда индикатордон кошула турган сумманын өлчөмүнө жараша кылышса болмок” дешет.

Бермет Барыктабасова
Бермет Барыктабасова

Медицина тармагындагы эксперт Бермет Барыктабасова айлык реформасын сындады.

"Эч нерсе өзгөргөн жок десек болот. Мен дарыгерлерден көп нааразылык угуп жатам. Индикатор - үй-бүлөлүк дарыгерлерди колдоо жана элдин саламаттыгына дагы да жакшы көңүл бурууга багытталган эле. “Айлык 100% көтөрүлдү” дегени аябай катуу угулат. Маяна расмий түрдө эки эсе жогорулаганы менен айлыктын өлчөмү азайганы чын".

Бул макалада Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда иштегендердин айлыгы тууралуу кеп болду. Ал эми башка медициналык мекемелерде иштегендердин маянасы 1-июлдан тартып 50% көбөйтүлөрү расмий кабарланган.

Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков бул үчүн кошумча 1 миллиард 131 миллион сом табылганын билдирген.

Өлкөдө 49 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 17 көз карандысыз Үй-бүлөлүк топтор бар. Кыргызстанга 3000 үй-бүлөлүк дарыгер керек. Азыр 2000ден бир аз көбүрөөк адис иштейт. Дарыгерлер жетишпейт.

XS
SM
MD
LG