Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:26

Израил полициясы менен палестиндер кайрадан кагылышты


Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында палестиндер менен израил полициясы кагылыша кетти.
Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин жанында палестиндер менен израил полициясы кагылыша кетти.

Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айланасында израил полициясы менен палестиндер ортосунда кагылышуу уланды.

Иерусалимдеги Ал-Акса мечитинин айланасында палестин демонстранттары израил полициясын көздөй таш ыргытып, ал эми тартип коргоочулар кулак тундуруучу гранталарды жана желим окторду колдонуп жатышты.

Палестинадагы «Кызыл жарым ай» уюму 10-майдагы кагылышууда 300дөн ашуун палестин жаракат алганын, анын ичинде 200дөн көбү ооруканага кайрылганын маалымдады. Ал эми израил полициясы жыйырмадан көп кызматкери жарадар болгонун билдирди. Израилдик дарыгерлер жети жайкын тургун да жабыркаганын кошумчалашты.

Үч күндөн бери Иерусалимде палестиндер менен израил полициясынын кагылышуусу токтой элек. Бул жолу жаңжалдын тутанышына палестин үй-бүлөлөрүн шаардын чыгыш тарабынан жөөттөрдүн пайдасына көчүрүүгө жол ачкан чечим себеп болгон.

Соттун бул чечимине каршы доо арыз менен жетимиштей адам жогорку инстанцияга кайрылышкан. Ишти Жогорку сот 10-майда карамак, бирок башаламандыктарга байланыштуу кийинкиге калтырды.

Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху полицияны колдой турганын билдирди. Ал ошондой эле өкмөт радикалдарга калаадагы бейпил турмуштун ыргагын бузууга жол бербей турганын кошумчалады.

Жалпысынан үч күндөн бери уланып жаткан жаңжалда жүздөгөн палестиндер жана ондогон израил полиция кызматкери жарадар болгону маалымдалды.

Иерусалимдин борборунда жайгашкан Ал-Акса мечити мусулмандар үчүн эң ыйык үч жайдын бири катары саналат. Ушул эле жерде жөөттөрдүн жана христиандардын да ыйык жайлары жайгашкан.

Палестиндер менен израил полициясынын кагылышуусу Кадыр түнү да токтогон жок. 9-май, 2021-жыл.
Палестиндер менен израил полициясынын кагылышуусу Кадыр түнү да токтогон жок. 9-май, 2021-жыл.

Израилдиктердин майрамы

10-май күнү жөөттөр 1967-жылкы алты күнгө созулган согушта Иерусалим шаарынын чыгыш тарабын өз көзөмөлүнө алган күндү белгилешет. Бул күн быйыл мусулмандар үчүн ыйык деп саналган Орозо айына туш келди.

Адатта бул күнү жөөт жаштары жүрүшкө чыгып, Эски шаардагы мусулмандар отурукташкан аймакты аралап өтүшчү. Палестиндер бул жүрүштү атайлап уюштурулган чагым катары көрүшөт. Бул жолу израил полициясы жаштарга Ал-Акса мечити жайгашкан аймакка барбоону эскертти.

Палестиндер Иерусалимдин чыгышын өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору катары көрүшөт. Ал жерде азыр 200 миңдей палестин жашайт.

Израил бул шаарды өзүнүн жана жөөт калкынын байыркы борбору деп эсептейт.

Өлкөнүн мамлекеттик институттарынын баарынын кеңселери да ушул шаарда орун-очок алган. Бирок эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына Израилдин суверенитетин тааныган эмес жана көпчүлүк өлкөлөрдүн элчиликтери Тел-Авивде жайгашкан.

Эл аралык коомчулуктун реакциясы

Кагылышууга байланыштуу Бириккен Улуттар Уюму Израилге кайрылып, көчүрүүгө байланыштуу чечимдерди жокко чыгарып, демонстранттарга каршы күч колдонуудан карманууга чакырды.

АКШ менен Орусия да тынчсыздануусун билдиришти. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилди Иерусалимдеги мусулмандарга кол салууну токтотууга чакырды.

"Кагылышуулар башталгандан бери үч жүздөн көп адам жабыркады. Биз палестиндерди үйлөрүнөн кууп чыгуу максатында жасалган кыйыр жана түз басымдын токтошун күтөбүз. Болбосо зулумдар өз жазасын алуу үчүн биз бардыгын жасайбыз".

Кошуна Иорданиянын бийлиги израил полициясынын аракеттерин сынга алды. 10-майда Иорданиянын Тышкы иштер министрлиги Израилдин Аммандагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакыртып, Израил бийлигинин аракеттерин "эл аралык укукту жана шаардын статус-кво макамын бузуу" деп атады.

XS
SM
MD
LG