Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Лейлек, Баткен, Кадамжайдын акимдери алмашты


Кыргызстандын желеги.
Кыргызстандын желеги.

Премьер-министрдин буйругу менен Баткен облусундагы Лейлек, Кадамжай жана Баткен райондорунун акимдери алмашты.

5-майдагы расмий кабарга ылайык, Лейлек районуна Алмазбек Рахманкулов, Кадамжай районуна Кутпидин Шакиров, Баткен районуна Учкунбек Жоробаев аким болуп дайындалды. Мурдагы акимдер кызматтарынан бошотулду.

Лейлек району Тажикстан менен, Кадамжай району Өзбекстан менен, Баткен району - Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет.

Мурдараак өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Абдикарим Алимбаев, анын орун басарлыгына Абдирашит Ташбалтаев дайындалган.

Расмий маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасында өткөн аптадагы куралдуу жаңжалда талкаланган 136 турак-жайдын 93ү Лейлек, 46сы Баткен районунда.

28-30-апрель күндөрү кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болду. Тажикстанда 18 киши көз жумганын "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG