Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Лейлек районуна гуманитардык жардам жетпей жатат


Лейлек районунун Арка аймагы. 30-апрель, 2021-жыл.
Лейлек районунун Арка аймагы. 30-апрель, 2021-жыл.

Баткен облусунун Лейлек районуна гуманитардык жардам жетпей жатат. Бул тууралуу Кулунду, Арка, Эски-Оочу айылдарын таштап качып чыккандарды Сүлүктү шаарына жайгаштырып жаткан элдик кошуундун өкүлү Эркинбек Мансуров "Азаттыкка" билдирди:

“Лейлекте абал өтө оор. Бийликтин деле позициясы болуп жаткандыр, бирок эл кыйналып кетти. Мен өз көзүм менен Максат айылына барып көрүп келдим. Максат айылындагы үйлөрдүн баарын өрттөп, БТРлерин Максат айылынан өйдө 1,5 км бери чыгарып койгон. Арка айылына өтө албай жатабыз. Ал жакка гумжардам, тамак-аш жеткирип бере албай жатабыз. Ал жактагылар кыйналып жатат”.

Эркинбек Мансуров Лейлек районунда күйүүчү-майлоочу майдын тартыштыгы башталганын айтты.

“Бензин дагы тартыш болуп жатат, бүгүн түгөнүшү мүмкүн. Лейлек азыр анклавда калды. Гумжардам Баткенде гана калып бери өтпөй жатат. Кулунду, Арка, Оочудан келген кары-картаң, аялдар, балдар он миңден ашып кетти. Аларды Сүлүктүгө жайгаштырдык. Адам ушунчалык көп болгондуктан баарына гумжардам жеткире албай жатабыз. 2-3 күн абал ушундай тура берсе элге өтө кыйын болуп калат. Тажиктер кокустан бастырып киргендиктен жылаңаяк качып чыгышкан. Аларга колубуздан келишинче жардам берип жатабыз. Бирок кийим-кечек, тамак-аш керек болуп жатат, муктаж болуп жатабыз. Канча созулат билбейбиз. Маалымат каражаттары элди тынчтандыруу үчүн туура эмес маалыматтарды берип жатат. Чынында абал оор, эл кыйын абалда. Баткен облусунун администрациясына, губернаторго бардык бийлик өкүлдөрү келип жатат. Бирок Лейлекке бир дагы бийлик өкүлү келген жок. Эң өкүнүчтүүсү ошол болууда. Моралдык колдоо катары да бир сөз айтканга жарабай жатат".

Эркинбек Мансуровдун айтуусунда, миңге жакын Лейлек районунун жаштары гуманитардык жардам таратып, качып келгендерди жайгаштыруу менен алектенүүдө.

УКМК жана жергиликтүү тургундар, "Азаттыктын" кабарчылары жеринен билдиришкендей, бүгүн, 1-майда Тажикстан Ош-Исфана жолунун Төрт-Көчө тилкесин кайрадан толук тосуп койду. Чек аранын тажик тарабында аскердик техниканын кыймылы байкалууда. Кырдаал Кыргызстандын Лейлек районундагы чек аралаш айылдарында курчуп баратканы кабарлануда.

Чек ара кызматы билдиргендей, 1-май, саат 12.45ге карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал кайра чыңалды. (MTa)

XS
SM
MD
LG