Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Түркия "Sputnik V" вакцинасын чукул колдонууга уруксат берди


30-апрелде Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа (Fahrettin Koca) орусиялык "Sputnik V" вакцинасы өлкөдө атайын экспертизадан өткөнүн, мунун натыйжасында чукул колдонууга уруксат берилгенин билдирди.

"Түркиянын фармацевтика жана медициналык шаймандар агенттиги экспертизалардын натыйжасында Sputnik V вакцинасын чукул колдонууга уруксат берди. Мындан улам биздин өлкөдө үчүнчү - "Sputnik V" вакцинасы колдонулат",-деп жазды Кожа "Твиттердеги" баракчасына.

83 миллион адам жашаган Түркияда ушул тапка чейин 23 миллионго жакын киши коронавируска каршы эмделди. Түркияда буга чейин "Pfizer-BioNTech" жана "SinoVac" вакциналары сайылып келген.

Апта башында түрк бийлиги ири шаарларда коронавирусту жуктуруп алгандар кескин көбөйгөндүктөн чектөөлөр күчөтүлүп, бул ирет толук локдаун киргизилгенин кабарланган. Акыркы апталарда өлкөдө коронавирусту күнүнө миңдеген киши жуктуруп, каза тапкандар кескин көбөйгөн. Түркияда 29-апрелден тартып 18 күн бою көчөгө чыгууга толук тыюу салынды.

Түркияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 30-апрелде беш миллионго чукулдады. Жалпысынан 39 миңдей бейтап коронавирустан көз жумду. (ElB)

XS
SM
MD
LG