Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Пашинян кызматтан кетип, шайлоонун камын көрөт


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армавир облусунда
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Армавир облусунда

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жакынкы күндөрү кызматынан кетерин жарыялады. Бирок Пашинян өкмөт башчынын милдетин аткарууну улантарын билдирди.

Июнга белгиленген парламенттик шайлоо алдында премьер-министрликтен кетерин Никол Пашинян 28-мартта Армавир облусуна сапары учурунда билдирди. Ал мындай кадамын кызматтан баш тартуу үчүн эмес, парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн мыйзам талабын сактоо аракети менен түшүндүрдү.

“Апрелде отставкага кетем. Мен отставкага кызматты тапшыруу үчүн эмес, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн кеткени жатам. Премьер-министрдин милдетин аткарууну улантам. Эгер силер менин мандатымды дагы бекемдеп берсеңер, биздин команда мурдагыдан да жакшы иштеп беребиз. Эгер андай болбосо, кимди шайласаңар мандатты ошого өткөрүп беребиз”.

Мындай жол менен армян премьери шайлоону өткөрүү үчүн гана расмий түрдө кызматтан кетет. Бирок Пашинян шайлоого чейин өкмөт башчынын милдетин аткарууну көздөөдө.

Оппозиция Пашиняндын планына канааттанган жок

Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келген армян оппозициясын акыркы убада көп деле кубандырган жок. Оппозициянын тарапкерлери соңку нааразылык акциясын 28-мартта Ереванда өткөрдү. Алар Никол Пашинянды толугу менен отставкага кетирип, анын ордуна “өткөөл өкмөттү” түзүүнү талап кылууда.

Оппозиция премьерликке көрсөтүп жаткан мурдагы өкмөт башчысы Вазген Манукян Пашиняндын акыркы убадалары ишке ашарынан күмөн санап жатат.

Вазген Манукян
Вазген Манукян

“Пашинян канча жолу алдаганын эске алганда мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөрүнө да күмөнүм бар”,-деди.

Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция буга премьер-министр Никол Пашинянды күнөөлөп, кызматтан кетишин талап кылып келген.

Алты аптага созулган куралдуу жаңжал Азербайжан, Армения жана Орусия үч тараптуу макулдашууга кол койгондон кийин гана токтогон. Анын жыйынтыгында жикчил Тоолуу Карабактын чет жакаларындагы үч район Азербайжанга кайтарылып, тынчтык орнотуу күчтөрү катары Орусиянын 2 миңдей жоокери аймакка киргизилген.

Мындай жыйынтыкка нааразы болгон армян оппозициясы Ереванда бир нече апта акцияларды өткөрдү. Атүгүл оппозициянын тарапкерлери өкмөттүк мекемелерге күч менен бастырып кирип, чыңалган абал сакталып турду.

Дал ушундай кырдаалда саясий кризисти жөнгө салуу максатында 20-июнда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү жарыяланган.

Азырынча шайлоону дайындоо боюнча расмий жарлык чыга элек. Бирок үч жыл мурда калың калктын колдоосу менен бийликке келген Никол Пашинян өз бийлигин сактап кала алабы деген суроо турат.

Мурдагы армян бийлигин коррупцияга айыптап, парламенттик башкаруудагы алгачкы премьер болгон Пашинян бийлигинин алгачкы жылдары калктын колдоосуна ээ болуп, ал жетектеген “Менин кадамым” альянсы 2018-жылдагы шайлоодо парламентте көпчүлүктү түзгөн эле. Бирок Пашиняндын позициясын 2020-жылдын күзүндөгү Тоолуу Карабак үчүн согушта жеңилүүсү абдан алсыратты. Буга кошумча бул куралдуу жаңжалдан кийинки кырдаал Никол Пашинян Куралдуу күчтөрдүн жетекчилиги жана президент менен мамилесинин бузулушуна алып келди.

Оппозиция менен катар Армениянын армиясы февраль айында Никол Пашиняндын отставкасын талап кылып чыккан. Премьер ал чакырыкты “аскердик төңкөрүш аракети” деп баалап, тарапкерлерин көчөгө алып чыккан.

Армениянын президенти Армен Саркисян жана премьер-министри Никол Пашинян
Армениянын президенти Армен Саркисян жана премьер-министри Никол Пашинян

Ошол эле маалда армиянын генералдарына каршы кадам катары Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Оник Гаспарянды кызматынан алуу сунушун президентке жөнөткөн. Бирок президент Армен Саркисян Башкы штабдын башчысын кызматтан алуу тууралуу жарлык чыгаруудан баш тарткан болчу. Буга карабай Никол Пашинян Башкы штабдын башчысын кызматтан алды. Бирок премьер-министрдин армиянын айрым жетекчилери менен мамилеси начар бойдон калды.

Конституциялык сот Кочарянды коргоду

Буга кошумча 26-мартта Армениянын Конституциялык соту Пашинян бийликке келген соң кылмыш ишин козгоп, кыска мөөнөт камакка да алган мурдагы президент Роберт Кочаряндын ишин кыскартуу чечимин чыгарды. Армян прокуратурасы азырынча Конституциялык соттун чечими боюнча комментарий бере элек.

Роберт Кочарян
Роберт Кочарян

Роберт Кочарян алгач 2018-жылдын аягында камакка алынган. 2019-жылы май айында Еревандагы сот экс-президентти үй камагына чыгарган. Роберт Кочарян Арменияны 1998-2008-жылдары башкарган. Ал «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылган, ири суммада пара алган» деп айыпталып жатат. Экс-президент Арменияда нааразылык акциясына чыккандарга күч колдонгон үчүн айыпталууда. Анда кеминде сегиз адам өлгөн.

Кочарян өзүнө каршы соттук ишти «мыйзамсыздык» жана учурдагы премьер-министр Никол Пашиняндын «саясий куугунтугу» катары мүнөздөгөн.

Эми Конституциялык соттун Кочаряндын таламын коргогону мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярданып жаткан Никол Пашинян үчүн дагы бир сокку катары бааланууда. Дал ушундай кырдаалда премьер-министрдин шайлоодогу шансы кандай деген суроо талкууга түшүүдө.

Армениялык саясат таануучу Александр Искандарян Пашиняндын дале болсо жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейт:

Александр Искандарян
Александр Искандарян

“Эгер шайлоо эртең болсо социологиялык сурамжылоо боюнча 30 пайызга чейин добуш алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул Серж Саркисян Пашинянга калтырып кеткен Конституцияны, анын бийликте турганын, шайлоо учурунда административдик ресурсту, айрым медианын артыкчылыктарын эске алганда кайрадан парламентте көпчүлүктү түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок мен муну бүгүнкү кырдаалды эске алуу менен айтып жатам. 20-июнга чейин көп убакыт бар. Ага чейин оппозиция кандай иштейт, шайлоо кайсы мыйзам менен өтөт? Бул суроолор да маанилүү. Кырдаал ар кандай өнүгүп кетиши мүмкүн”.

Өткөн аптада Армениянын парламенти былтыр күзүндөгү Тоолуу Карабактагы согуш маалында өлкөгө киргизилген аскердик режимди толугу менен алып салды. Мындай чечим буга чейин Пашиняндын отставкасын талап кылып келген Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын ыйгарым укуктарын бир топ кыскартып, премьер-министр үчүн ыңгайлуу шартты түзөт.

XS
SM
MD
LG