Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Абактагы тажик олигархы ооруканага түштү


Ражабали Одинаев. 2017-жылдагы сүрөт.
Ражабали Одинаев. 2017-жылдагы сүрөт.

Тажик түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан “Умед-88” компаниясынын мурдагы жетекчиси Ражабали Одинаевдин саламаттыгы кескин начарлап, ооруканага түштү.

Одинаев мамлекеттик мүлктү уурдоо сыяктуу экономикалык бир катар айыптоолор боюнча жалпысынан 28 жылга кесилген . Анын жакындары ал айыптоолорду четке кагып, өкүмдү "өтө эле катаал" деп эсептешет.

Тажикстандын Кылмыш жазаларын аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров 25-мартта "Азаттыктын” тажик кызматына түрмөдөгү Ражабали Одинаевдин саламаттыгы кескин начарлап, эки жума мурун "Тез жардам" аркылуу Дүйшөмбү шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин билдирди. Анын айтымында, “Умед-88” компаниясынын мурдагы башчысынын ашказанындагы жара жарылып, операция жасалган.

“Ал ооруканада тажрыйбалуу дарыгерлердин көзөмөлүндө. Азыр анын абалы бир топ жакшы. Жакынкы күндөрү кайрадан жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мекемеге которобуз”, – деди Мансуржон Умаров.

Ражабали Одинаевдин жакындары анын саламаттыгынын абалы тууралуу комментарий берген жок. Анын туугандарынын бири буга байланыштуу суроону уккан соң телефонун өчүрүп койду. Анткен менен оорукананын "Тез жардам" кызматынын дарыгери “Азаттыктын” тажик кызматына анонимдүү түрдө Ражабали Одинаевдин ашказаны көптөн бери ооруп жүрүп, аягында абакта күч алып кеткенин айткан. Анын кесиптештери абактын жетекчилигинин чакыруусу менен бейтапты көргөнү барып, ага операция жасалышы керек деген тыянак чыгарышкан экен.

Жаза чарасы, келтирилген зыян

Тажик президенти Эмомали Рахмондун 2017-жылдагы катуу сынынан соң “Умед-88” компаниясынын башчысы Ражабали Одинаев кармалып, камакка алынган.

2018-жылы ал насыяга берилчү "ири өлчөмдөгү каражатты уурдоо, кызмат абалынан пайдалануу, мамлекеттин акчасын кымырып алуу" деген айыптоолордун негизинде 24 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми былтыр анын жаза мөөнөтүнө дагы төрт жыл кошулуп, жалпысынан 28 жылды түздү.

Бийлик башында аны Рогун ГЭСинин курулушуна бюджеттен бөлүнгөн 171 млн сомонини кайтарбай койгон деп айыптаган. Кийин Ражабали Одинаевге насыя катары берилчү өзгөчө ири өлчөмдөгү акчаны уурдоо, кызмат абалынан кыянат пайдаланып, мамлекеттик мүлктү өзүнө ыйгарып алуу сыяктуу бир катар оор кесепеттерге алып келген айыптар тагылган. Анын туугандары Одинаев бошонуп чыкса, “Умед-88” компаниясындагы мүлктөрүн сатып, Рогун ГЭСине карызын төлөп бермектигин айтып, калган айыптоолорду четке каккан. Бирок бийлик андай сунуштан баш тарткан. Укук коргоо органдары былтыр Ражабали Одинаевдин компаниядагы мүлкүн сатуудан Рогун ГЭСине келтирилген 42 миллион сомони материалдык зыяндын орду толтурулганын жарыялаган.

Рогундун кубаты дагы күчөдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:52 0:00

“Умед-88” компаниясы 2006-жылдан бери Тажикстандын күйүүчү май рыногунда иштеп келген. Анын жетекчисинин маалыматы боюнча, компания бюджетке 2 млрд.сомониден ашуун салык төккөн. Компания жабылганга чейин анда беш жүздөн ашуун адам иштеген.

“Умед-88” 2018-жылга чейин Тажикстанда орусиялык “”Газпром” жана “Фароз” компаниясы менен атаандаш болуп, өлкөгө күйүүчү май ташыган үч компаниянын бири болгон.

Кээ бир эксперттер анын “Фароз” менен атаандаштык ага карата басым-кысымдын негизги себеби болгонун айтышкан. Бул компаниянын жетекчилерин камап, аны жабуу Тажикстандагы соңку жылдардагы эң чуулгандуу окуялардан болуп калды.

XS
SM
MD
LG