Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

Евробиримдик конституциялык реформага кабатырлыгын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа кеңешинин Венеция комиссиясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык (ЕККУ) уюму менен биргелешип Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоору боюнча корутундусун жарыялады.

Анда жаңы Конституциянын долбоорундагы айрым жоболор бийлик бутактарынын тең салмактуулугуна шек келтире турганы, адам эркиндигин коргоодо, демократия жана мыйзам үстөмдүүлүгүнө коркунуч туудурары жазылган.

Корутундуда ошондой эле 11-апрелде элдин добушуна коюла турган Баш мыйзамдын долбоорун кабыл алуу олуттуу кемчиликтер менен коштолгону да белгиленген.

Европа кеңеши Кыргызстанда демократиялык принциптерди сыйлоо, адам укуктарын жана эркиндигин коргоо эл аралык талаптарга ылайык жана өлкөнүн дүйнөлүк коомчулук алдындагы милдеттенмелерине шайкеш болушу керектигинин бекемдеген.

Буга чейин юридика тармагындагы беделдүү эл аралык орган болуп саналган Венеция комиссиясы Кыргызстандагы конституциялык реформа боюнча “Конституциянын жаңы долбооруна чейин жаңы парламент шайланып келсе жакшы болмок” деген корутундусун жарыялаган. Жаңы Баш мыйзамды жаңы парламент даярдаса, көбүрөөк легитимдүү боло турганын белгилеген.

Кыргызстанда Конституциянын долбоору боюнча референдум 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо менен бирге өтөт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 12-мартта кол койгон. Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген эксклюзивдүү интервьюсунда Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болорун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG