Совет мамлекети тушунда тыюу салынган Нооруз майрамын жөнүндө буйрукка мындан дээрлик 1 кылым мурда Түркестан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин жетекчилиги кол койгон. Архивдик материалдардан табылган бул баалуу таберик тууралу айтып бермекчибиз.
Билген адамга архив дүйнөсү - кереметтүү, кызыктуу, так маалыматтар, кол жазмалар, кино-фото документтер дүйнөсү. Алардын чыныгы баалуулугун архивде олтуруп, документтерди таап, тийиштүү түрдө иликтеп, алардын чыныгы маани-маңызын түшүнө алган, кызыгына батып, аларды кеңири окуучулар аудиториясына жеткире алган гана адамдар билет.
Мына ошондой архивдик бир документти окурмандардын назарына тартуулагыбыз келди. Кеңеш доорунунда Нооруз майрамын эски замандын калдыктарына, диний көз-караштарга байланыштырып, Орто Азия элдеринин эски үрп-адаттарын, салт-санааларын, социалисттик маданиятка жат көрүнүштөрдү камтыйт деген кине менен 70 жылга жакын майрамдалбай келгени талашсыз.
Ал эми расмий бийликтер, большевиктер, кийинчерээк коммунисттер партиясы Ноорузду майрамдоого расмий тыюу салып келгени да тарыхый чындык. Бирок качан, ким тарабынан, кайсы чечимдин негизинде Ноорузду майрамдоого тыюу салынганы тууралу расмий токтом же буйрук чыкканы белгисиз. Кыязы “бөрк ал десе баш алган”, ашынган идеологдор, атеисттер, партиялык кызматкерлер өз ээлеген жетекчилик кызматтарына зыяны тийбесин дегенсип, Нооруз майрамын уюштуруп, өткөрүүдөн тартынып, чочуп, коркуп, аны өткөрүүгө тыюу салып келишкен. Ошентсе да дал ошол Кеңеш доорунун башатында кээ бир эр азаматтар, өз элинин, мамлекетинин улуттук кызыкчылыгын, маданий баалуулугун, ата-бабалардан калган мурастарын, эл сүйгөн жана күткөн майрамды расмий түрдө сактап калууга аракет кылган көрүнүштөр жок эмес. Буга далил биз сунуш кылып жаткан Нооруз майрамы тууралуу расмий буйрук.
Колубузда дал ошол мамлекеттен дин бөлүнүп, өлкөдө ашыкча атеисттик маанай күчөй баштаган, формасы улуттук, маңызы социалисттик маданият курула баштаган Кеңеш доорунун башатындагы, Түркестан АССРинин расмий жогорку бийлик органы Түркестан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин чыгарган кызыктуу да, талаштуу да токтомунун негизиндеги буйругу бар.
Анда Нооруз майрамына тыюу салынбай эле, кайра расмий түрдө бүткүл элдик майрам катары майрамдоо баса белгиленген. Бул мурдагы маданий мурасты сактап калуунун алгачкы расмий аракеттеринин бири. Баса, мындай расмий буйруктар СССР кыйрап, эгемендүү жана көз карандысыз мамлекеттер пайда болгондон кийин кайра жанданганы да белгилүү.
Бул буйруктун кызыгы, жаңы саясий система, жаңы бийлик, жаңы маданият күчөп жатканда, эски, кылымдарды карыткан маданий мурасты, элдик эс тутумдагы майрамды кайрадан жандандырууга болгон расмий бийликтин аракети экендигинде. Ошентип, Нооруз майрамы тууралуу атайын №26 буйрук 1920-жылдын 20-мартында азыркы Борбордук Азия чөлкөмүнүн дээрлик баардык титулдук элдери кирген Түркестан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин токтомуна ылайык Ташкент шаарында чыккан.
Бул буйрукка ошол кездеги Түркестан АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы Т.Рыскулов, катчы С.Абдуллаев (биз ошондой окудук –авт.) кол коюшкан. Аталган буйруктун эң негизги максаты - кылымдар бою көптөгөн чыгыш элдери майрамдап келген “Нооруз” РСФСРдин курамындагы Түркестан АССРинин аймагында расмий түрдө бүткүл элдик майрам “Жаздын башталышы” - Науруз деп атайын токтом менен жарыялангандыгында. Бул буйрукту баардык Өкмөттүк ишканаларга телеграф, телефон менен жеткирүү милдеттендирилген.
Аталган буйруктун талаштуу жагы негедир ошол жылы бүткүл элдик майрам Науруз - Нооруз 22-март күнү деп эсептелген. Эмне үчүн ошол жылы 22-март деп жарыяланганын расмий документтерден тактоого мүмкүн болгон жок. Балким, ошол учурдагы билермандардын божомолу, айтуусу боюнча жыл тогошу же айлар тогошунун натыйжасында ошол күнгө туура келгендир. Мүмкүн, буйрук чыгаргандар кээ бир элдер Нооруз майрамын 3 күндөн 13 күнгө чейин майрамдашат деген салтты эске алышкандыр. Кантсе да буйрукта майрам күнү катары 22-март белгиленген.
Демек, талаш дегенибиздин себеби, бардык мезгилдерде, доорлордо чыгыш элдери Науруз – Нооруз майрамын табиятта күн менен түн теңелип, жаңы күн, жаңы жыл, жаңы жашоо башталган күн катары 21-мартта майрамдап келишкен. Кандайдыр бир себептер менен Түркестан АССРинин Борбордук аткаруу комитети бул майрам күнүн атайын токтом, буйрук менен 22-мартка жылдырганы түшүнүксүз.
Эң негизгиси - жаңы бийлик, жаңы саясий система менен жаңы турмуш, жаңы идеология кошо келип, жергиликтүү элдердин тарыхый өнүгүүсүндө зор бурулуштар пайда болуп, мурдагы улуттук баалуулуктардын, маданий мурастардын, ата-баблардан калган элдик каада-салттардын, үрп-адаттардын көбүнөн баш тартууга туура келип жаткан кезде, кандай болсо да мурда бүткүл элдик, мамлекеттик деңгээлде майрамдалып жүргөн майрамды сактап калууга болгон аракет катары түшүнсө болот деген ойдобуз.
Биздин колго жеткен бул тарыхый документ биз үчүн абдан маанилүү. Келе жаткан Нооруз майрамыбызды дал ошол күчөп келе жаткан жаңы идеология, атеизмдин кандуу кучагынан сактап калууга болгон, жергиликтүү бийлик эгедерлеринин, аткаминерлеринин, келечектеги улуттук мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн колдон келген аракети катары бааласак болот.
Пикирибизде ошол кездеги Түркестан АССРинин БАК төрагасы, чыгаан мамлекеттик жана саясий ишмер Т.Рыскулов саясий, идеологиялык, атеисттик кырдаалды туура түшүнүп, жергиликтүү элдердин эң маанилүү майрамы Ноорузду сактап калуу үчүн ушундай кадамга барышы мүмкүн десе да болот.
Ачыгын айтыш керек, архивге бир кирип алсаң, ал өзүнчө эле кенч, ар тараптуу, түбүнө жете алгыс чыныгы тарыхый мурастар байлыгы. Улам-улам жаңы маалыматтарды таап окуган сайын кызыгууң артат. Архивдердеги убакыттын изи калган, барактары саргарган документтердин ар бири адамды өзүнө тартып, сыйкырчыдай арбыйт.
Жогоруда белгиленгендей Нооруз майрамы Кеңеш доорунун мезгилиндеги 20-жылдарын ортосунан баштап өксүй, акырындык менен унутула түшкөнү, кийинчерээк таптакыр тыюу салынганы маалым. Улуу муундардагылар жакшы билет - Кеңеш доорунун расмий майрамдарынын тизмегинде Нооруз майрамы болгон эмес. Кийин гана кайра куруу мезгилинде, 1986-жылдан баштап бул бүткүл элдик майрам кайрадан жандана баштаган.
Кыргызстанда 1991-жылы 1-февралда Жогорку Кеңеште расмий түрдө майрам катары кабыл алынып, ошол кездеги президенттин чечими менен расмий түрдө бүткүл элдик майрам катары жарыяланып, ар жылы 21-мартта Нооруз майрамы кеңири белгиленип келе жатат.
Архивдердин дагы бир өзгөчөлүгү алардагы фонддордун материалдарынан кээде күтүлбөгөн, мурда такыр белгисиз болгон тарыхый, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий маанидеги маалыматтарды тапсак, кээде иликтенип бүттү деген маселедеги мурда белгисиз, иликтенүүчү маселенин дагы бир жагын толуктап, ачып көрсөткөн тарыхый булактарды табабыз.
Кандай болсо да бул документ, алдыдагы Нооруз майрамын эл эсинде сактап калууга болгон, Кеңеш доорунун алгачкы жылдарындагы бир аракеттин күбөсү экени талашсыз. Канча заман, доор, бийлик өзгөрсө да, эч өзгөрүүсүз калган, канчалаган тыюу салуулар болсо да майрамдалып келген, элдин эсинен чыкпай, аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы катары келе жаткан жаркын, жаз майрамы Нооруз болгону талашсыз.
Маалым болгондой 2009-жылы 30-сентябрда ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Нооруз майрамы бүткүл адамзаттын маданий мурасы катары киргизилген. Кийинки жылы 2010-жылдын 23-февралында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясы Нооруз майрамы “бардык элдердин эл аралык майрамы” деп чечим чыгарган резолюция кабыл алган.
Нооруз майрамыңыздар менен урматтуу мекендештер!
Байболот Абытов, тарых илимдеринин доктору, профессор, ОшМЮИнин илимий иштер жана эл аралык байланыштар боюнча проректору
Автордун көз карашы "Азаттыктын" пикирин билдирбейт.