Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Крым татар коомдук ишмери Мустафа Жемилев Крымга 2034-жылга чейин кире албайт


Мустафа Жемилов
Мустафа Жемилов

Крым татарлар улуттук кыймылынын лидерлеринин бири Мустафа Жемилев 2034-жылга чейин Крымга аймагына кире албайт.

Ата-тегинен бери крымдык болгон 77 жаштагы саясатчы Жемилевге мындай чечим ага козголгон кылмыш иштин алкагында кабыл алынган. Ага ылайык тыюу салуу жөнүндө чечим 2019-жылы 5-мартта кабыл алынып, 2034-жылга чейин күчүндө калат.

Ушу тапта Крымдагы Армянск шаарында Мустафа Жемилевдун үстүнөн сот иши жүрүп жатат. Ага карата Крымга мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган, мыйзамсыз курал-жарак сатып алып, аны сактаган, деген беренелер боюнча сыртынан айып тагылган.

Жемилев бул айыптарды толугу менен четке кагып келет. Диссиденттин тарапкерлери Орусиянын Крымды аннексиялап алышына каршы чыкканы үчүн жарандык активист дал ушундай куугунтукка кабылып жатканын белгилешет.

Мустафа Жемилев баштаган крым татарлары жарым аралдын Кремль тарабынан анексияланып алышын эч убакта тааныбай турганын айтып келишет.

77 жаштагы Жемилев Совет доорунда адам укугун коргоочу активист катары 6 жолу соттолуп, 1966-86–жылдардын аралыгында түрмөдө олтурган. Кийин 1998-жылдан тартып ал Украинанын Жогорку Радасына катары менен 7 жолу депутат болгон.

2014-жылы Орусия Крымды каратып алган маалда Жемилев Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдоп чыгып, жарым аралда бир тараптуу басып кирген орусиялык жоокерлердин көзөмөлүнүн кырдаалында Крымдын макамы боюнча өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG