Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Крымдын соту Мустафа Жемилевду камоону буйруду


Мустафа Жемилев.
Мустафа Жемилев.

Крым татарларынын ардагер лидери Мустафа Жемилевду камоо тууралуу чечимди бүгүн Симфереполь шаарынын Киев райондук соту чыгарды.

Расмий маалыматка караганда, Жемилевдун ишмердиги боюнча үч кылмыш иши козголгон. Бирок коюлуп жаткан айыптардын чоо-жайы коомчулукка ачыкталган жок.

2014-жылдын апрелинде Орусия Крымды анексиялагандан бир нече апта өткөндөн кийин Москва Жемилевдун бул аймакка киришине беш жылга тыюу салган.

Крым татарларынын активисти жана украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилев анын улутташтары жарым аралдын анексияланышын эч убакта тааныбай турганын айтып жүрөт.

Азыр 72 жаштагы Жемилев совет доорунда адам укугун коргоочу активист катары белгилүү болчу.

Алты ирет кесилип, 1966-86 –жылдардын аралыгында түрмөдө олтурган. (UE)

XS
SM
MD
LG