Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды жана зениттик ракеталарды алат


Орусиянын С-200 ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын С-200 ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Орусиядан учкучсуз учактарды, С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталарды алат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-коргонуу кызматташтыгын улантуу алкагында ишке ашмакчы.

Мындай документке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

"Бул Орусиянын Кыргызстандын жана ЕАЭБ менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек арасынын коопсуздугун коргоого кошкон чоң салымы болот", - деп белгилеген Байтерек президенттин сайтындагы маалыматта.

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн коргоо жана коргонуу мекемелери 2025-жылга чейин аскердик стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүнү макулдашты.

Мындан тышкары кыргыз-орус өкмөттөрү эл аралык маалымат коопсуздугун камсыз кылуу, айыл чарба продукцияларын жеткирүү, коронавируска каршы Орусияда иштелип чыккан „Спутник V“ вакцинасын алуу, газдын жана башка күйүүчү майлардын баасы тууралуу сүйлөшүүлөр болду.

Сапар алкагында орус тилин өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу сөз болуп, Кыргызстандын аймактарында орус тилинде билим берүүчү 44 мектеп-интернат ачуу макулдашылды. Мектептер расмий Москванын көмөгү менен курулуп, анда орусиялык мугалимдер иштей турганы белгиленди.

Садыр Жапаровдун 24-25-февралдагы Москвага барышы анын президенттикке шайлангандан берки алгачкы чет өлкөгө чыгышы болуп калды.

Жапаров 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңип чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG