Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Жүздөн ашык соодагерге Ош базарынын ичинен орун берилди


"Ош" базары
"Ош" базары

Кыргызстандын борборундагы Ош базарынын сыртында турган 107 соодагерге базардын ичинен орун берилди. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Бишкектин Ленин райондук акимчилигинен кабарлашты.

Маалыматта аталган акимчиликтин көчмө топтору күн сайын Ош базарынын айланасын кыдырып, мыйзамсыз соода кылгандарды тартипке чакырып жатканы айтылган.

Буга чейин соодагерлер пикетке чыгып, өкмөттөн аларды ордунда калтырууну өтүнгөн.

Бишкек мэриясы болсо жайма базардагы соодагерлерди таркатууга алы жетпей калганын билдирип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен жардам сураган эле. (BCh)

XS
SM
MD
LG