Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

“Фейсбук” Австралиянын бийлигин нес кылды


"Фейсбуктун" чечиминен кийин Австралиянын гезиттериндеги реакция.
"Фейсбуктун" чечиминен кийин Австралиянын гезиттериндеги реакция.

“Фейсбук” социалдык тармагы 18-февралдан тартып австралиялыктардын жаңылыктарды окуу, жайгаштыруу жана аны бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн чектеди. Интернет гигант мындай чечимди аталган өлкөнүн бийлигинин “Фейсбуктун” жаңылыктардан тапкан пайдасына салык салуу ниетинен улам кабыл алды. Соңку жагдай коомчулукта кызуу талаш-талкуу жаратты.

“Фейсбуктун” мындай чечиминен улам эми бул соцтармактын Австралиядагы колдонуучуларына жалпыга маалымдоо каражаттарынын кабар-маалыматын бөлүшүп, аны жарыялоого чектөө салынды. Андан сырткары ЖМКнын баракчалары да өчүрүлдү.

“Менимче “Фейсбуктагы” жаңылыктарга тыюу салуу өтө эле жаман. Мен бул соцтармакты колдоном, мен ал аркылуу бардык жаңылыктарды бир жерден ала алам. Ошондуктан бул мага чынында эле кедергисин тийгизет”, - деди Сидней шаарынын тургуну.

“Фейсбуктун” Австралиядагы соңку чечими айрым өкмөттүк маалыматтарга, анын ичинде чукул кырдаалдар боюнча кызматтардын, айрым эркин уюмдардын баракчаларына да таасир этти. Мындан улам Австралиянын саламаттык сактоо минстри Грэг Хант бул компаниянын чечимин айыптады.

“Бул кыжырды келтирет жана муну жөн калтырууга болбойт. Биз “Фейсбук” аракеттерин оңдойт жана келечекте муну кайрадан кайталабайт деп күтөбүз. Бул эгемен өлкөгө чабуул, бул жарандардын эркиндигине чабуул, тактап айтканда технологияны көзөмөлдөө, аны башкаруу ыйгарым укугунан аша чабуу”.

Австралиянын казына башчысы Жош Фриденберг “Фесбуктун” нес кылган чечиминин кесепети оор болорун айтты. Бул өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы өкмөтү “Фейсбук”, “Гугл” өңдүү интернет лөктөрдү жаңылыктан тапкан пайдасы менен салык түрүндө бөлүшүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алууга камданып жатат жана андан баш тартпай турганын билдирип келет. Сидней интернет гиганттарды “салттуу медианы рекламадан түшкөн кирешеден куру жалак калтырып жатат” деп айыптап келет.

“Фейсбук” Австралиядагы мыйзам долбоору алардын платформасын жана аны колдонгон басма сөз өкүлдөрүнүн алака-катышын “таптакыр эле туура эмес түшүнгөн” деп билдирди. Интернет лөгү соңку чечимди кабыл алуу оңой-олтоң болбогонун, бирок алардын мындан башка аргасы жоктугун айтты.

Фриденберг “Фейсбук” соңку чечими тууралуу алдын ала кабарлабаганын билдирди:

“Фейсбуктун” мындай аракетинин кереги жок эле. Ал өтө катаал чечим болду жана анын Австралиядагы кадыр-баркына шек келтирет”, деди Фриденберг.

Австралиянын өкмөт башчысы Скотт Моррисон да “Фейсбукту” өзүнүн бул соцтармактагы баракчасы аркылуу кескин сындады:

“Фейсбуктун” аракети Австралияны досторунун катарынан чыгарууга багытталды. Саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар багытындагы жардам берүү өңдүү маанилүү маалымат кызмат көрсөтүүлөргөа бөгөт кылганы анын текебер, көңүл калтырган аракети болду”.

Расмий статистикага ылайык, ушул тушта Австралияда “Фейсбукту” ай сайын 17 миллионго чукул адам такай колдонот. "Sydney Morning Herald" жана "The Australian" өңдүү ири басылмалардын жана телеканалдардын баракчаларына миллиондогон адам катталган.

Буга чейин “Гугл” компаниясы да эгер Австралия аларды жаңылыктардан түшкөн киреше менен бөлүшүүгө мажбурлаган мыйзамды кабыл ала турган болсо бул өлкөдө издөө функциясын өчүрүп коёрун эскерткен.

XS
SM
MD
LG