Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Футбол: Кыргызстан-Мьянма оюну дагы кийинкиге калды


Маанайы чөккөн күйөрман.
Маанайы чөккөн күйөрман.

Мьянмадагы туруксуз саясий жана эпидемиологиялык абалга байланыштуу 2022-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюнунун алкагында 30-мартка белгиленген Мьянма–Кыргызстан беттеши башка мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирлиги уюму маалымдайт.

Маалыматта оюндар июнь айында өткөрүлүшү мүмкүн экени айтылган. Андан сырткары Мьянма курама командасынын 25-мартка белгиленген Жапония курама командасы менен боло турган беттеши да кийинкиге жылдырылган. Калган оюндар кандай форматта өтөрү азырынча белгисиз.

Мьянма- Кыргызстан беттеши 30-мартта Мандалай шаарында өтмөк.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Жапония, Мьянма, Монголия өлкөлөрүнүн курама командалары менен жаз айларында беттешмек. Коронавирус пандемиясынан улам беттештер белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен бирге F тайпасында жайгашкан. Акыркы жолу «ак шумкарлар» 2019-жылы 19-ноябрда Бишкекте Тажикстан курама командасы менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыккан.

Учурда F тайпасында Жапониянын курама командасы төрт оюндан кийин 12 упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Ал эми калган командалар ушул күнгө чейин бештен оюн ойношту. Эсебинде жетиден упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Мьянмада алты упай, Монголияда үч упай бар. Кыргызстандын курама командасы мелдештин кийинки баскычына чыгыш үчүн тайпада экинчи орунду ээлеш керек.(GT)

XS
SM
MD
LG