Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

15:29 3.2.2021

Наталья Никитенко: Жаңы өкмөттүн курамына Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Ализа Солтонбекова эмнеге кирген жок. Алар эмнеси менен жакпай калды? Же бир илинчек таап алыштыбы? Эмне себептен Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык коргоо министрлигин кошуп атасыңар? Бул экөө тең чоң тармак. Министрликти азыр коронавирустун чоң толкуну менен күрөш күтүп турат. Ошого туруштук бере алабы?

Бул суроого Улукбек Марипов "өкмөттүн мурдагы курамындагы кадрлар менен жолугуп, сүйлөшөм" деп жооп узатты.

15:38 3.2.2021

Депутат Азамат Арапбаев: Экономика министрлигин түзүп, кайра күчтөндүрүш керек болчу. Экинчиден, мал-жандыктарды сыртка сатууга тыюу салып койду. Ошого көз карашыңыз кандай? Айылдын 60% айылда. Басымдуусу мал менен жан багат.

15:51 3.2.2021

Канат Исаев: Өкмөт программаны шашпай, дыкаттык менен даярдашы керек.

15:52 3.2.2021

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Ички иштер министрлигинин (ИИМ) карамагына өткөрүлбөйт. Бул тууралуу 3-февралда парламентте маалымат берип жатып премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.

“Бул эки органдын бири жазалоочу, бири түзөтүүчү, буга эл аралык донорлор эмне дейт?” деген суроого Марипов төмөнкүчө жооп берди:

“Жаза аткаруу кызматы ИИМге барбайт. Юстиция министрлигине барышы мүмкүн. Азыр юристтер менен тактап жатабыз”.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Жаза аткаруу кызматы ИИМге өткөрүлөрүн, мурдагыдай Жаза аткаруу башкармалыгы болуп кайра түзүлөрүн жазып чыгышкан.

ЖАМК 2009-жылы түзүлгөн. Ага чейин бул система Юстиция министрлигине, Ички иштер министрлигине караштуу болчу.

ИИМдин структурасынан бөлүү өз учурунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга каршы жалпы тажрыйбага туура келген чечим катары бааланган.

Мекеменин карамагында 12 түзөтүүчү мекеме, 10 жатак абак жана беш тергөө абагы бар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG