Камчыбек Ташиев: УКМК уюшкан топторго каршы күрөшпөшү керек деп жатышпайбы. Андай эмес. Эгер биз мага тийбе, сага тийбе деп жашай берсек жашообуз өзгөрбөйт.
УКМКнын АКСи коррупция боюнча 2020-жылдын 10 айында 116 млн. сомду бюджетке кайтарды, мен келгенден кийин, ноябрь декабрда 2 млрд. 800 млн. сомду, январда 1,5 сомду ордуна койду. Эми коррупционерлер, кримтөбөлдөр болбойт.
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов өкмөттүн сунушталып жаткан жаңы курамы тең салмакталган деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн, 3-февралда парламентте өкмөттүн жаңы курамы, түзүмү жана программасы талкууланып жатканда айтып, премьер-министрликке талапкер Улукбек Мариповду айрым күмөн санаган депутаттарды укпоого чакырды:
«Радикалдуу түзүмдүк өзгөртүүгө бардыңыз. Эми артка кайтпаңыз. Депутаттардын күмөн же кооптуу деген суроолорунун баарын четке кагыш керек. Жасайбыз деш керек. Жоопкерчиликти алдыңар да, мойнуңарга. Ал эми курам тең салмакталган. Мындай курам келген эмес. Жаш болсо да тажрыйбалуулар бар. Айымдарды колдоого алалы».
Депутат Махабат Мавлянова өкмөткө эки аял гана келгенин айтып, келечекте курамдын 30% аялдар болушу керектигин айтты.
Улукбек Марипов буга "эркек министрлер жакшы иштебесе, аялдарга алмаштырабыз" деп жооп узатты.
Депутат Бакирдин Субанбеков өткөрмө бекеттердеги абал тууралуу суроо узатты.
Вице-премьерликке сунушталып жаткан Артем Новиков өкмөттүн текшерүүсүнөн кийин айрым жетекчилер кызматтан төмөндөтүлгөнүн, айрымдарына сөгүш берилгенин билдирди.