Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

14:23 2.2.2021

Жаңы өкмөттүн курамы талкууда

14:31 2.2.2021

Улукбек Марипов: Бүгүн комитет, эртең Жогорку Кеңеш колдоп берсе толук иш алып барууга даярмын. Буга чейин 22 өкмөт мүчөсү болсо, биз сунуштап жаткан түзүмдө 16 болуп жатат. Курамына жаңы сегиз киши кирип атат.

Экономика жана Каржы министрлигин бириктирип, ушул эки жакты караган кишини вице-премьер болсун деп жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык өнүктүрүү министрлигин чогуу кылалы деп жатабыз.

Маданият, маалымат, туризм жана спорт министрлиги болсун деп атабыз.

Энергетика министрлигин дагы оптималдаштырууну карайбыз.

Айыл чарба министрлигин күчтөндүрүү максатында, министрликке аймактарды өнүктүү багытын да кошуп атабыз.

14:37 2.2.2021

Улукбек Марипов: Алдыда дагы шайлоо баштаган чоң-чоң кампаниялар турат. Ушулардын баарын эске алуу менен резервдерди көбөйтүү максатын көздөп атабыз. Бири-бирин кайталаган функцияларды кайрадан карап чыгуу, бир топ министрлер болсо, министрликтер да кыскаруу алдында турат. Элдин кызыкчылыгында таза, так иш алып барабыз деп сиздерди ишендирип кете алабыз. Кадрлардын баары дасыккан адистер экенин, жоопкерчиликти толук моюнга ала тургандай кылабыз.

Жаңы курамда айымдарга да көңүл бурдук. Транспорт, архитектура министрлигине Абдыралиева Гүлмира Курманбекованы сунуштадык.

Юстиция министрлигине Чынбаева Асел сунушталып атат.

14:46 2.2.2021

Айсулуу Мамашева: Социалдык маселелер боюнча вице-премьердин маселеси жоюлду. Бирок социалдык көйгөйлөр бизде абдан курч. Ошол себептүү, министрлердин орун басарлары аял болсун деп сунуштайт элем. Азыр үй-бүлөлүк зомбулук күчөп атат. Ички иштер министринин орун басары да аял болушун каалайт элем.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG