Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:43

Жаңы өкмөттүн курамы ант берди

Жогорку Кеңеш өкмөттүн жаңы курамын премьер-министрлик кызматка талапкерди, жаңы өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын карап, бекитти.

2-февралда жаңы өкмөттүн курамын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети жактырган.

1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Аны бул кызматка «Республика - Ата Журт» фракциясы сунуштаган.

15:38 3.2.2021

Депутат Азамат Арапбаев: Экономика министрлигин түзүп, кайра күчтөндүрүш керек болчу. Экинчиден, мал-жандыктарды сыртка сатууга тыюу салып койду. Ошого көз карашыңыз кандай? Айылдын 60% айылда. Басымдуусу мал менен жан багат.

15:29 3.2.2021

Наталья Никитенко: Жаңы өкмөттүн курамына Элвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Ализа Солтонбекова эмнеге кирген жок. Алар эмнеси менен жакпай калды? Же бир илинчек таап алыштыбы? Эмне себептен Саламаттык сактоо министрлиги менен Социалдык коргоо министрлигин кошуп атасыңар? Бул экөө тең чоң тармак. Министрликти азыр коронавирустун чоң толкуну менен күрөш күтүп турат. Ошого туруштук бере алабы?

Бул суроого Улукбек Марипов "өкмөттүн мурдагы курамындагы кадрлар менен жолугуп, сүйлөшөм" деп жооп узатты.

15:25 3.2.2021

Саламаттык сактоо министри, жаңы өкмөттүн курамына кирген Алымкадыр Бейшеналиев: Вакцинация март айынын башында келет. Марттын ортосунан тартып эмдей баштайбыз.

15:19 3.2.2021

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG