Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:25

Референдум боюнча мыйзам бардык окуудан өттү

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш берген. 10-декабрда референдум боюнча мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

11:40 9.12.2020

Депутат Дастан Бекешев: Конституциялык палатанын чечиминде "Мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңеш мамлекеттин тагдырына тиешелүү саясий маселелерди карап, чечим чыгарууга укуксуз" деп жазылып турат. Парламент бюджет жана башка социалдык экономикалык маселелерди кароого укуктуу. Референдум, бийликти бир адамдын колуна берүү - саясий маселе. Ошондуктан, "Референдум тууралуу" мыйзамды экинчи окуудан кароодо ушул маселени дагы карап көргүлө.

11:45 9.12.2020

11:56 9.12.2020

Кыргыз өкмөтү "Референдум тууралуу" мыйзам долбоорун колдойт. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытов бүгүн, 9-декабрда парламентте билдирди. Анын айтуусунда, өкмөт референдум өткөрүүгө, материалдык чыгымын көтөрүүгө даяр.

12:15 9.12.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин жыйындагы сөзү:

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG