Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Референдум боюнча мыйзам бардык окуудан өттү

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш берген. 10-декабрда референдум боюнча мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

13:00 9.12.2020

Жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына референдум өткөрүүгө каршы акцияга чыгышты. Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн айтып, ал референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышууда.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

18:40 10.12.2020

Умбеталы Кыдыралиев: Куран менен Библияны гана алмаштыра албайбыз. Конституция жашоого керек болгондон кийин өзгөрүшү керек.

18:44 10.12.2020

Максат Сабиров: Ушул жерде чыркырап аткан кесиптештер колу-бутубузду кайрыса жүгүрүп жүрүп, мыйзамдарды кабыл ала берип ушуга келдик. Парламенттик деген менен супер президенттик коомдо жашап келбедикпи. Депутаттар да камалсын дегенди өзүбүз чыгардык. Парламенттик болсо дагы, президенттик болсо дагы элди угалы. Эл менен кеңеше турган органдарды кошуп атат Курултай деп. Биз азыр туура нерсени кабыл алып, туура жолго кетсек болот эле.

18:53 10.12.2020

Кожобек Рыспаев: Биз отуз жылдан бери президент эле башкарып келет да же калппы? Көшөгөнүн артында турбайбы. Биз ошол көшөгөнү эле алып коелу деп атабыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG