Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Референдум боюнча мыйзам бардык окуудан өттү

Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. 9-декабрдагы жыйынында долбоорго депутаттар Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Дастан Бекешев, Наталья Никитенко, Альфия Самигулина жана Евгения Строкова «каршы» добуш берген. 10-декабрда референдум боюнча мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

11:08 9.12.2020

Парламенттин депутаты, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына келип, бир көп өтпөй чыгып кетти.

11:19 9.12.2020

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев: Өмүрбек Чиркешовичти сыйлайбыз. Бирок биз сыйлаган сайын ал бизди эч оюна албайт. Дайыма эле өз оюн таңуулай берет. Конституциянын жаңы долбоорун даярдап атабыз, “келгиле, чогуу карайлы, чогуу чечели” деп жатабыз. Өмүрбек мырза мындай дейт: “Москвага биздин делегация барса, мигранттар референдум өткөрүүгө каршы митингге чыгышты, мындай тарыхта болгон эмес”. Мен ачыгын айтайын, Москвада митингге заказ менен чыгышкан. Заказ алгандар чыкты митингге. 2010-жылдан бери өлкөгө эч бир пайда алып келбеген Конституция менен жашадык. Эл өзү сунуш кылып атат.

11:20 9.12.2020

11:23 9.12.2020

Депутат Наталья Никитенко: Адамдар конституциялык шайлоо укугунан ажырап жатат. Бүгүн бул легитимдүү добуш берүү менен мыйзам долбоорун сүрөгөн адамдардын максаттары аныкталган. Мыйзам долбоору комитеттерде талкууланган эмес, айрым мүчөлөрүн добуш бердиртүү жолу менен өткөрүп алышкан.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG