Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:31

Төрөхан Жунусбеков «Мегакомдун» директорунун кеңешчиси болуп дайындалды


Төрөхан Жунусбеков.
Төрөхан Жунусбеков.

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү, жарандык активист Төрөхан Жунусбеков «Мегаком» соода маркасы менен иш жүргүзгөн «Альфа Телеком» мамлекеттик ишканасынын директорунун кеңешчиси болуп дайындалды.

Бул маалыматты 8-декабрда «Азаттык» радиосуна «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангулов ырастады.

Бирок Төрөхан Жунусбеков бул кызматка дайындалбаганын, азыр президенттик шайлоого байланыштуу иштер менен алектенип жүргөнүн айтып жатат.

«Бул жалган маалымат. Биз шайлоого байланыштуу Талас облусу боюнча иштеп атабыз. Бирөөлөр ушундай маалымат чыгарышыптыр», – деди Жунусбеков.

Буга чейин айрым сайттар жеке булактарына таянып Жунусбеков «Мегаком» уюк байланыш операторунун жетекчисинин кеңешчиси болгонун жазышкан.

Төрөхан Жунусбеков Кыргызстанда октябрь окуяларынан кийин Бишкек шаарынын мэри болуу ниетин билдирген. Ал Нариман Түлеев менен Азиз Суракматовдун шаар башчысы болушуна каршы чыккан жана аны мэрликке тарапташтары көрсөткөнүн айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG