Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды


Москвада коронавируска каршы эмдөө башталды. "Спутник V" препараты менен акысыз эмдөө күнүгө шаардык бейтапканаларда болот.

"Азаттыктын" орус кызматы кабарлагандай, алгач эмдөөгө билим берүү, социалдык камсыздоо, саламаттык тармагынын 18ден 60 жашка чейинки, өнөкөт оорулары жок, кош бойлуу эмес жана бала эмизбеген адистери жазылат.

Москва мэриясы 5-декабрда кабарлагандай, алгачкы беш саатта эле эмдөөгө 5 миң адам жазылды.

Орусиянын академик Николай Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология институту сыноо деңгээлинде өндүрүп жаткан "Спутник V" вакцинасы 90 пайыздан ашык натыйжалуу болгону кабарланган.

"Медуза" басылмасы "Sputnik V" вакцинасынын экинчи компонентинин жоктугу жапырт эмдөөдө маселе жарытышы мүмкүн экенинжазган.

5-декабрдагы маалыматка ылайык, Орусияда соңку бир суткада 28 782 адамдан коронавирус аныкталды. Бир күндө 508 адам көз жумду.

Өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 2,5 миллионго жакындап калды. Алардын 42 миңден көбү көз жумду.

Орусиядан тышкары, АКШ жана Британия да коронавируска каршы вакцина чыгарып, каттоо жараянында турат.

XS
SM
MD
LG