Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:45

Ооганстанга эл аралык донорлордун берчү жардамы азаят


Дүйнөлүк банктын эсебинде Ооганстандын экономикасы пандемиянын айынан кеминде 5,5% кемийт.
Дүйнөлүк банктын эсебинде Ооганстандын экономикасы пандемиянын айынан кеминде 5,5% кемийт.

Женевада дүйшөмбүдө 70тен ашык мамлекеттин жана эл аралык гуманитардык уюмдардын өкүлдөрүнүн 2021-2024-жылдардагы Ооганстандын өнүгүү максаттарын аныктоо жана аны каржылоо маселесине арналган эки күндүк жыйыны башталат.

Бул жыйын дээрлик 19 жылга аяк баскан согушту токтотуу тууралуу ооган аралык өз ара сүйлөшүүлөр бир канча айдан бери илгерилебей жаткан маалга туш келди. Өлкөдөгү ансыз деле оор гуманитардык абал пандемиянын айынан ого бетер каатчылыкка кептелди.

«Reuters» агенттиги дипломаттарга таянып бул жолу Кабулга көрсөтүлө турган жардамдын көлөмү азая турганын жазды. Дүйнөлүк банктын эсебинде Ооганстандын экономикасы пандемиянын айынан кеминде 5,5% кыскарат.

Жыйындын алдында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди миллиондогон оогандардын келечеги оогандардын өз ара сүйлөшүүлөрүнөн жана өлкө эл аралык милдеттенмелерин аткарышынан көз каранды экенин айткан.

Мындай соңку жыйын 2016-жылы Брюсселде өткөн жана анда донорлор 2017-2020-жылдарга 15,2 миллиард доллар бөлүп берүүнү макулдашкан.

XS
SM
MD
LG