29-октябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Москвада кыргызстандык мигранттар менен жолугушканын чогулушка катышкан диаспора өкүлдөрү билдирди. Жыйынга кыргыз диаспораларынын 300дөй өкүлү – Орусиядагы кыргыз диаспорасынын ар кайсы райондук жана облустук бирикмелеринин, коомдук уюмдардын жетекчилери жана активисттер алдын ала тизме менен чакырылган.