Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:58

Фарид Ниязов Садыр Жапаровду мурдагы президенттердин катасын кайталабоого чакырды


Фарид Ниязов.
Фарид Ниязов.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов «Кыргызстанда күч түзүмдөрүнө ишенип, сөзүнө кирип кетпеген бир да президент болгон жок» деп билдирди. 29-октябрда ал саясий билдирүү таратып, жаңы бийликке «өлкөнү кризистен чыгарып, туруктуу өнүктүрүү жолуна салуу» боюнча сунуштарын айтты.

Ниязов президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаровдун жана анын тарапкерлеринин жеке көз карашы жана программасы бар экенине ишенерин, ошондой болсо да өз сунуштарын айтууну туура көргөнүн билдирди.

Ал өлкө жетекчилигин «күч түзүмдөрүнүн пикиринен көз каранды болуп калуу» деген катаны кайталабоого чакырып, «тилекке каршы, Кыргызстандын бир да президенти мындай көз карандылыктан оолак боло алган жок жана кайсы бир убактыттан кийин алар жарандык коомдун эмес, күч кызматкерлеринин гана пикирин алдыга коё башташчу» деп белгиледи.

Ниязов күч кызматтары бийликтин саясий оппоненттерин каралаган маалыматтарды жарыялатып, алар президентке жеткирилип турган тажрыйба көп жылдардан бери болуп келгенин айтып, «күч түзүмдөрү ички саясат эмес, өз иши менен алек болушу зарыл» деп кошумчалады.

Ал саясий маселелер боюнча коюлган талаптарга объективдүү жана калыс укуктук бааны күч кызматтары эмес, эксперттер, бейтарап юристтер жана журналисттер гана бере аларын белгиледи.

Ниязов Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын башчысы, кеңешчиси болгон. Ал 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча соттолуучулардын катарында камакта отурат.

Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган. Бийликтен кеткенден кийин ага карата бир нече кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

Атамбаевдин тушунда бир катар саясатчылар «коррупция», «бийликти басып алууга аракет кылуу» деген сыяктуу айыптар боюнча соттолушкан. Ошол жылдары «Саясий туткундарды коргоо комитети» түзүлүп, тизмеге камакта жаткан 25 саясатчы кирген. Алардын арасында 2017-жылы камалып, быйыл 6-октябрда бошонуп чыккан азыркы өлкө жетекчиси Садыр Жапаров да бар болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG