Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды (видео)


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президенттин милдетин аткарууга киришкен премьер-министр Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарга кайрылды. Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан кайрылууда Жапаров соңку окуяларды бийликке катуу сабак деп атап, анын жүрүшүндө Кыргызстандын эркиндиги, демократия, ынтымак жана биримдик сыналганын билдирген.

"2020-жылдын күзү жаңы тарыхты – улуттук аң-сезимдин жаңыланган барактарын ачты. Ар түрдүү курактагы, ар башка улуттагы, ар түрдүү саясий көз караштагы адамдар мыйзамсыздыкка каршы, добуштарды сатып алууга, фальсификациялоого жана административдик ресурстарга каршы көтөрүлдү. Айрыкча Кыргызстан эли бир муштумдай биримдигин көрсөттү. Баарыбыз ушул күнү Кыргызстандык болдук: бирдиктүү, көп улуттуу бир эл болдук. Мындан ары да дал ушундай болот! Трайбализмди жок кылабыз!”-деп айтылган кайрылууда.

Ошондой эле Садыр Жапаров башкы максаты өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүүнү атаган.

Ал саясий куугунтуктарга жол бербөөгө жана сот системасын реформалоого убада берген. Ошондой эле криминалга каршы күрөштү күчөтүүгө да сөз берген.

Садыр Жапаров кайрылуусунда жаштарга кайрылып, ар түрдүү күчтөрдүн парламентке келишине шарт түзөрүн билдирген.

Буга кошуча экономикада реформаларды жүргүзөрүн айтып, президенттин жана өкмөттүн аппаратында кыскартуулар болорун белгилеген.

Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:56 0:00

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы нааразылык митинги башаламандыкка айлангандан кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Бир жумага созулган нааразылык акцияларынан соң президент Сооронбай Жээнбеков өз арызы менен 15-октябрда кызматтан кетти. Анын арызын Жогорку Кеңеш 16-октябрда кабыл алды.

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, президент кызматтан кеткенде анын милдетин убактылуу Жогорку Кеңеш төрагасы аткарышы керек. Бирок учурдагы төрага Канатбек Исаев бул кызматты өз каалоосу менен аткаруудан баш тартартын билдирген.

Буга байланыштуу 6-октябрдагы окуялардан соң тарапташтары тарабынан абактан бошоп, кийин өкмөт башына келген Садыр Жапаров президенттин милдетин да аткарууга киришти.

XS
SM
MD
LG