Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Европада коронавирус күч алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму билдиргендей, Европада COVID-19 илдети күч алганына байланыштуу катаал чаралар кабыл алынышы мүмкүн.

Германияда, Чехияда, Италияда жана Польшада коронавирус жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү жогорулап, өлкө жетекчилери вирусту ооздуктоонун чараларын көрүп жатышат.

Дүйнөдө коронавируска кабылгандардын саны 38,5 миллионго жетип, 1,1 миллион киши көз жумду.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге 15-октябрда өткөн басма сөз жыйында азыркы чектөө чаралары кырдаалды эске алуу менен абсолюттук түрдө зарыл экенин билдирди.

Бул бюрого 53 мамлекет, анын ичинде Орусия жана Борбор Азия мамлекеттери да кирет.

“Европадагы эпидемиологиялык абал аябай тынчсыздандырып жатат. Коронавирус жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү өсүп, ооруканага түшкөндөр көбөйүп жатат. COVID-19 өлүмгө себепчи болгон негизги оорулардын тизмесинде бешинчи орунга чыкты жана күнүнө бул илдеттен миң кишиге чейин көз жумуп жатат”,-деди Клюге.

Саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге. (көз айнекчен)
Саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге. (көз айнекчен)

Ал ошондой эле мамлекет бийликтерин коронавирусту ооздуктоо аракеттерин улантууга чакырды.

Клюгге эгер жарандар санитардык эрежелерди көзөмөлдөшсө, февраль айына карата миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калса болорун билдирди.

-Эпидемиологиялык моделдер көрсөткөндөй, жапырт беткап тагынуу сыяктуу өтө жөнөкөй эрежени азыркыдай калктын 60% эмес, 95% сактаса, үйдө же коомдук жайда болобу топтолуу эрежелерин сактаса 53 мамлекеттен турган биздин аймакта 1-апрелге карата 281 миң адамдын өмүрүн сактап калса болот.

15-октябрда Орусия коронавирустан өлгөндөрдүн саны пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүчкө жеткенин билдирди. Соңку 24 саатта 286 адам көз жумган. Жалпысынан Орусияда коронавирус 23 500дөй адамдын өмүрүн алды.

Германияда 15-октябрда соңку бир сутка ичинде 6 миңден көп адамдан коронавирус аныкталды. 83 миллион калкы бар мамлекетте март айындагы эң жогорку көрсөткүч 6300гө жеткен.

Канцлер Ангела Меркел жана Германиянын 16 аймагынын губернатору карантин чараларын катаалдаштырууну макулдашты. Ага ылайык беткап тагынуу эрежелери күчөтүлөт, бар-ресторандар эртерек жабылат жана башка чаралар киргизилет.

Чехияда эрежелер катаалдашканына карабастан, коронавирус жуктуруп алгандар көбөйүп жатат. 14-октябрда вирус 9544 адамдан аныкталды. Бул да пандемиянын башынан берки эң жогорку көрсөткүч.

10,7 миллион калкы бар мамлекетте 1 172 адам көз жумду.

Бардык тамактануучу жайлар, пабдар жана барлар 14-октябрдан баштап жабылган. Коомдук жайларда алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынган. Ал эми мектептер 2-ноябрга чейин жабылып, сабактар аралыктан өтүп жатат.

Франциянын президенти Эммануел Макрон тогуз аймакка, анын ичинде баш калаа Парижде 17-октябрдан 1-декабрга чейин түнкүсүн коменданттык саат киргизилерин жарыялады.

XS
SM
MD
LG