Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Отунбаева президент менен парламентти абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды


Роза Отунбаева. 6-октябрь, 2020-жыл
Роза Отунбаева. 6-октябрь, 2020-жыл

Кыргызстанда президент жана парламент өлкөдөгү абалды турукташтырууга салым кошушу керек. Бул тууралуу мурдагы президенти Роза Отунбаева орусиялык “Интерфакс” агенттигине берген маегинде билдирди. Анда экс-президент өлкөдөгү абалды жөнгө салуу үчүн бардык саясий күчтөр биримдикке келип, буга президент жана парламент жардам бериши керек.

“2010-жылдан айырмаланып, учурда биз канчалык сындасак да, иштеп турган парламент бар. Ал бар жана жаңы шайлоолорду өткөрүү үчүн бардык даярдыкты көрүшү керек. Бизде бул жараяндын артында турган президент бар”, - деген Отунбаева.

Экс-президент ошондой эле шайлоо жыйынтыгына каршы чыккан партияларды акылга келип, патриотизмин көрсөтүүгө чакырган.

Отунбаева жаңы шайлоолорду жаңы жылга чейин өткөрүп, жаңы парламент шайланат деген үмүтүн билдирген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар менен өттү деген саясий партиялардын тарапкерлери 5-октябрда мөөнөтсүз митингге чыгып, 6-октябрга караган түнү президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратты, УКМКнын имаратын ээлеп алышкан.

Эки күндөн бери бийликти мыйзамдаштыруу багытында орток пикир табыла элек.

XS
SM
MD
LG