Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

«Мекеним Кыргызстан» партиясы Нарындан аз добуш алды


Партиянын аймактардагы жарнамасы.
Партиянын аймактардагы жарнамасы.

4-октябрда өткөн Жогорку Кеңештени VII чакырылышынын депутаттарын шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» партиясы Нарын облусунан эң аз добуш алды. Автоматташтырылган шайлоо үкөктөрүндөгү эсеп боюнча 15,06% же 14 602 добуш, бюллетендерди кол менен саноодо 14,15% же 8 007 шайлоочу добуш берди.

Ош жана Жалал-Абад облусунун шайлоочулары аталган партияга эң көп добуш бергендер болушту. Ош облусунда бул партия 31,97%, Жалал-Абадда 28,99% алды. 5-октябрдын таңкы саат 9:55ине «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жалпы эсеби 24,27% болду.

Баштапкы эсеп боюнча партия парламенттен 45 орун алат. «Мекеним Кыргызстан» партиясынын штаб жетекчиси Искендер Матраимов «Азаттык» радиосуна парламенттик шайлоо айрыкча Ош шаарында өзгөчө ыплас өткөнүн айткан. Ош шаары боюнча бул партия 16,49% же 19 958 добуш алган эле.

Шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча Жогорку Кеңешке «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Кыргызстан» партиялары өттү. (BCh)

XS
SM
MD
LG