Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:21

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

21:24 5.10.2020

Аянтка митингге чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатууда.

21:27 5.10.2020

Митингчилер күч кызматкерлерине таш ыргытууда. Күч кызматкерлери желим ок атып жатышат.

21:33 5.10.2020

Караколдун борбордук аянтында эл чогула баштады. Бул тууралуу Каракол шаарынын активисти Замира Оторбаева билдирди. Анын айтымында, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маңдайында эл чогулууда. Алар шайлоонун жыйынтыгына болбогонун билдиришти. Ошондой эле облустагы айрым айылдардын тургундары да Бишкектеги митингге катышуу үчүн жолго чыкканы белгилүү болду. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Ысык-Көл облусунун 51,8% добуш берген.

21:35 5.10.2020

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова «Азаттыкка» Ала-Тоо аянтында митингге чыккандарды таркатуу маалында күч түзүмдөрүнүн эки кызматкери жарадар болгонун кабарлады. Экөөнүн тең мээси чайкалган. Аларды «Тез жардам» кызматы Улуттук госпиталга алып кетти.

Азыркы тапта аянтта бир «Тез жардам» бригадасы иштеп жатат. Митингге келгендердин арасынан канчоо жарадар болгону белгисиз.

Буга чейин Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы митингди таратууда «Ата Мекен» партиясынын талапкери, депутат Жанарбек Акаев жараат алганын анын жардамчысы Орозбек Муратов билдирген эле.

«Азаттыктын» аянттагы кабарчылары буга чейин эки катышуучу жарадар болгонун көргөнүн түз эфирден айтышты. Аянтка чогулган элди күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, желим ок, катуу үндүү граната, суу чачып таркатты.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG