Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

14:34 5.10.2020

14:35 5.10.2020

Парламенттик шайлоонун натыйжасын тааныбоо талабы менен уюштурулган митинг жыйынтык чыкмайынча улана берет. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Бишкектин Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингдин уюштуруучуларынын бири, "Реформа" партиясынын өкүлү Азият Жекшеев билдирди:

"Шайлоо жапырт мыйзам бузуу, элди коркутуп-үркүтүү менен өттү. Парламентке уурулар менен паракорлор, алтынчы чакырылыш (Жогорку Кеңеш-ред.) кайра келип отуруп алды. Биз жаңыланууну көздөп шайлоого чыкканбыз. Бүгүн бул жерде элдин арасынан чыккан партиялар чогулуп жатат. Биригип, резолюцияга кол койгон партиялар эми аягына чейин барышат. Жыйынтык чыкмайын мөөнөтсүз митинг улана берет".

14:54 5.10.2020
Бишкек. "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын акциясы. Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. "Ата Мекен" жана "Республика" партияларынын акциясы. Бишкек шаары, 2020-жылдын 5-октябры.

"Ата Мекен", "Бир Бол", "Республика", "Замандаш" партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып. Ч.Айтматов атындагы Опера жана балет театрынын алдында тарапташтары менен тынчтык митингин өткөрүшүүдө.

15:10 5.10.2020

Бишкектеги Опера, балет театрынын имаратынын жанында 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого жана жокко чыгарууга чакырган митинг башталды. Трибунадан "Ата Мекен", "Республика" жана "Замандаш", "Бир Бол" партияларынын лидерлерин, өкүлдөрүн көрүүгө болот.

Алар шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну, кайрадан шайлоо өткөрүүнү талап кылып, ага бир күч менен катышарын билдирип жатышат.

Митингчилер шайлоо калыс эмес жана ыплас өткөнүн белгилеп, элди жер-жерлерде мыйзам чегинде каршылык билдирүүгө чакырып жатышат.

"Шайлоо жокко чыксын!", "Бандиттин жана коррупционердин орду түрмөдө!", "Күрөш башталды!" "Туугандашкан система Бакиевдин бийлигинен ашып кетти!", "Шайлоонун алдында биригишибиз керек эле, азыр да кеч эмес" деген ураандар айтылууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG