Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:29

Күч түзүмдөрү менен элдин кагылышуусу токтой элек

Бишкектин Ала-Тоо аянтында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп жатат. Алгач «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат» жана «Реформа» партиялары баштаган акцияга «Ата Мекен», «Бир Бол», «Республика» жана «Замандаш» партияларынын лидерлери жана тарапкерлери барып кошулду. Киинчерээк аянтка "Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев да барды.

14:14 5.10.2020
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.
Бишкек. Ала-Тоо аянты. 2020-жылдын 5-октябры.

Бишкектин Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып жаткан митингде кайрадан чуу чыкты.

Трибунада "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков сүйлөп жатканда "Чоң казат" партиясынын өкүлү Сыймык Жапыкеев микрофонду тартып алууга аракет кылды. Ортодо кайым айтышуу чыгып, ага сөз берилген жок.

Бир нече убакыттан кийин Жапыкеев кайрадан сөз алып, акцияны токтотпоого чакырды.

Бүгүнкү митинг алгач Жогорку Кеңештин жана президенттик аппараттын кеңсесинин алдында башталган. Апрель ыңкылабынын курмандыктарына коюлган эстеликтин жанында "Социал-демократтардын" өкүлдөрү сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгын сындап жатканда "апрелчилербиз" деген топ келип, тоскоолдук жаратышкан. Ушундан улам "социал-демократтар" борбордук аянтта өтүп жаткан башка партиялардын нааразылык акциясына кошулушкан.

Азыр митинг уланууда. Аянттан жүздөгөн адамдарды көрүүгө болот.

Трибунада сүйлөгөндөр шайлоо өнөктүгү маалында да ар кандай чагымдар болгонун белгилеп, бирин бири ынтымакка чакырууда.

Трибунага чыгып сүйлөп жаткандардын арасынан «Социал-демократтар», «Мекен Ынтымагы», «Чоң Казат», «Реформа», «Бир Бол» партияларынын өкүлдөрүн көрүүгө болот. Бул партиялардын өкүлдөрү митингде шайлоо тыянагына каршы бириккенин митингдин башталышында дагы бир жолу жарыялашкан. Алар башка партияларды да өздөрүнө кошулууга чакырышты.

Митингде «Президент кетсин», «Матраимов камалсын», «Биримдик» кетсин» деген ураандар айтылды.

13:43 5.10.2020

13:29 5.10.2020

Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингине келген кыз "Азаттыктын" кабарчысына сүйлөп жатып, көзүнө жаш алды. Ал "пикеткөй эмес, китепкөй Ала-Тоо бололу деп үмүттөнгөнүн" айтты.

13:10 5.10.2020

"Бир Бол" партиясынан Жогорку Кеңешке талапкер болгон, активист Руслан Акматбек бүгүнкү күндө парламентти эле эмес, келечекке болгон үмүтүбүздү алдырып жибердик деди. Ал бул тууралуу 5-октябрдагы шайлоонунун жыйынтыгына нааразы болгондордун митингинде билдирди.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG