Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48

Коронавирус дагы 244 кишиден табылды


Кыргызстандагы оорукана. Июль, 2020-жыл.
Кыргызстандагы оорукана. Июль, 2020-жыл.

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 244 кишиден лабораториялык жол менен табылды.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 4-октябрда билдиргендей, илдет жугузуп алгандар Жалал-Абад облусунда басымдуулук кылат. Бир күн аралыгында Жалал-Абадда 79, Ош облусунда 62, Баткен облусунда 33, Бишкекте 26, Ошто 25, Чүй облусунда сегиз, Ысык-Көл облусунда алты, Нарын облусунда үч, Талас облусунда эки кишиден вирус табылды.

Акыркы күндөрү өлкөдө коронавируска чалдыккандар барган сайын көбөйүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1 066ны түздү (18-августка чейин 1498 киши каза болгону айтылып жаткан).

Март айынан бери вирус жугузуп алгандар 47 428 кишиге жетти. Анын 43 418и айыкты.

Учурда 1078 бейтап стационарларда, 1411 киши үй шартында дарыланууда.

Пандемия шартында Кыргызстанда жетинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтүп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG