Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Губернатор Мураталиев: Көп киши топтогондорго эскертүү берилди


Таластагы добуш берүү. 4-октябрь, 2020-жыл.
Таластагы добуш берүү. 4-октябрь, 2020-жыл.

Талас облусунун губернатору Марат Мураталиев Талас шаарындагы 6113 участогунда добуш берип жатып, коопсуздук эрежелерине токтолду:

«Үгүт учурунда бир канча штабдын өкүлдөрүнө беткапсыз жүргөнү үчүн, көп киши топтогондорго эскертүүлөр берилди. Шайлоого бардык даярдык көрүлдү. Бардык добушканалар коргоочу каражаттар менен камсыз болду».

Жалпы облус аймагында 117 шайлоо тилкеси, 149 058 шайлоочу бар. №2 форма менен 17 151 адам катталган. Алардын жети миңден ашууну Талас шаарынын он участогунда каттоого турган.

Облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, Таласта 700 милиция кызматкери тартипке көз салып жатат.

Кыргызстанда бүгүн, 4-октябрда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо башталды. Эреже боюнча добушканалар эртең мененки саат 8.00дөн тартып ачылды. Коронавирус пандемиясынын шартында өтүп жаткан шайлоодо Жогорку Кеңештеги 120 депутаттык орун үчүн 16 партия ат салышууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоодо добуш бериш үчүн 2 475 тилке даярдалды. Анын 45и чет мамлекеттерде. Чет өлкөдө ачылган добуш берүү тилкелеринин басымдуу бөлүгү Орусиянын аймактарында жайгашкан.

Добуш берүүгө укуктуу жарандардын соңку такталган саны - 3 523 554 киши. Ал эми биометрикалык каттоодон өтпөгөн 557 856 жаран шайлоого катыша албайт. (AiA/ZKo)

XS
SM
MD
LG