Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Өкмөт карантин ыктымалдыгы боюнча пикирин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу кайрадан карантин киргизүү же киргизбөө элдин өзүн алып жүрүшүнө, эрежелерди сакташына жараша болот. Бул тууралуу 28-сентябрда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди:

«Жалпы өлкө боюнча карантин чаралары инфекция башталганда бир жолу гана жарыяланат. Эми элдин өзүнөн көз каранды болот. Эреже сакталса мындай чара көрүү зарылчылыгы болбойт. Эми баары ар бирибизге жараша болот».

Үсөнбаев азыр ден соолугуна кам көрүп, беткапчан жүргөн ар бир адам коомдук жайда беткап тагынбаган адамдарга эскертүү берсе орундуу болуп турган кез экенин белгилеп, кыргызстандыктарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоого чакырды.

Пандемия башталган март айынан бери Кыргызстанда вирус жуккандардын расмий эсеби 46 355ке жетти. Соңку үч жума аралыгында бул илдеттен киши каза боло элек болчу, 28-сентябрда кайрадан өлүм катталды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу Кыргызстандын айрым аймактарында 25-мартта өзгөчө абал режими киргизилген. Бул эреже 11-майдан тартып токтогон, бирок 22-мартта жарыяланган өзгөчө кырдаал режими уланууда. Карантиндик чектөөлөр бара-бара алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG