Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Ибраева: Коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколго 80 дары киргизилди


Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.
Күндүзгү стационардын дарыгерлери бейтапка жардам көрсөтүүдө.

Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева 10-сентябрда коронавирусту дарылоо боюнча 4-протоколдун үчүнчүсүнөн айырмачылыгы тууралуу маалымат берди.

Анын сөзү боюнча, бул протоколдо пневмониянын коду бекитилди – U07.2. Андан тышкары ооруканада жана үйдө дарылоо деп экиге бөлүндү. Ошондой эле декстаметазон жана интерлейкин дарылары бейтаптарга консилиумдун негизинде колдонулсун деген чечим чыгарылды.

«Төмөнкү алгоритмдер иштелип чыкты:
1. Коронавирус жана өнөкөт оорулары бар бейтаптарды дарылоо боюнча;
2. Балдарды дарылоо боюнча;
3. Кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдар үчүн алгоритм;
4. Амбулатордук дарылоо боюнча;
5. Кайра калыбына келтирүү (реабилитация) программасы», - деди Ибраева.

Коронавирусту дарылоо боюнча 3-протоколдо 56 дары-дармек бар болсо, жаңы протоколдо анын тизмеси 80ге жетти.

Кыргызстанда коронавирусту дарылоо боюнча расмий протокол март айынан бери төрт жолу өзгөрдү. Акыркысы сентябрь айынан бери колдонула баштады. Өлкөнүн башкы пульмонологу Талант Сооронбаев дарылоонун эң жакшы ыкмалары камтылган бул клиникалык колдонмо эл аралык тажрыйбанын жана алдыңкы илимий изилдөөлөрдүн негизинде иштелип чыкканын айткан.

Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 жаңы вирус болгондуктан колдонмо дайыма өзгөрүп турарын жүйө кылган. Медицина жаатындагы айрым адистер протоколдо кетирилген катачылыктардан улам Кыргызстанда оорунун курмандыктары көп болгонун айтып жүрүшөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG